Түрк басма сөзү 31. 10. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

404966
Түрк басма сөзү  31. 10. 2015

«Йени шафак» гезити президент Р. Т. Эрдогандын 1 - ноябрдагы шайлоонун маанисин белгилеп : «1 - ноябрдагы шайлоодо ырааттуулук үчүн да добуш берилет. Эгерде ырааттуулукту кааласак, коопсуздукту кааласак добушубузду кимге берерибизди абдан жакшы ойлонуубуз керек»,- деди.
«Хүррийет» гезити «Келише алышкан жок» деген макаласында Сириядагы согушту соңуна чыгаруу үчүн кечээ Венада АКШ, Орусия, Түркия, Сауд Арабстан, Иран болгон 17 өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушканын жазган. Жыйында ок атууну токтотуу боюнча биргелешкен кыймыл сөз болду. Сириянын лидери Асаддын келечеги тууралуу келишим түзүлө албады. АКШнын тышкы иштер министри Орусия жана Иран менен Асаддын келечеги тууралуу көз караш айырмачылыктарынын улантылып жатканын айтты. Түрк тышкы иштер министри Феридун Синирлиоглу болсо : «Асад менен тынчтык түзүү мүмкүн эмес»,- деди. Жыйындан кийин өлкөлөр эки жуманын ичинде кайрадан жолугушуу тууралуу макулдашты. Венада Сирия кризисине карата чечүүчү жолдор сүйлөшүлүп жаткан учурда Дамасктын чыгышындагы Дума районунда Асад режиминин күчтөрүнүн отурукташуу жерлерине жасаган ракеталык кол салууларында 47 киши каза болуп, 100 киши жараланды.
«Ватан» гезити «Жылдыз согушу» киносунун көрүүчүлөрү сериялдын акыркы киносу «Жылдыздардын согушу 7: күч ойгонууданын» көрсөтүүгө кирүүсүнөн мурда Мадридде ачылган көчө көргөзмөсүндө жолугушту. Жылдыздар согушунун күрөшчүлөрү колдонгон шлемдердин көчүрмөлөрү жана кийимдери Испаниянын борбор шаары Мадридде көргөзмөгө коюлду. Кинонун каармандарынын кийимдери менен кыдырган кишилер эл арасында эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар