Түрк басма сөзү-27.10.15

Түрк басам сөзүнөн кыскача маалыматтар.

359317
Түрк басма сөзү-27.10.15

“Йени шафак’’ гезити “Чечим дегендери деңиздин тамчысындай эле” атту макаласында кыш жакындаган сайын, үмүт менен Европанын каалгасына барган баш калкалоочулардын трагедиясы күчөп бара жатканын, Европа Биримдиги жана Балкан өлкөлөрү жарымы Грецияда орун ала турган бардыгы 100 миң кишилик жаңы лагерлердин курулушу темасында келишишкендерин жазган.
Гезит болгону 10 айда 700 миңге жакын баш калкалоочу кирген Европада ушул убакка дейре 86 кишинин отурукташуусуна уруксат берилгенин маалымдаган.
“Сабах”гезити “Нетаньяху палестиналыктарды Чыгыш Иерусалимден сүрүп чыгаргысы келүүдө”атту маалыматында өткөн аптада 2-Дүйнөлүк согуштагы еврей геноцидинин жоопкерчилигин Палестинага таңуулого аракет кылып бүткүл дүйнөдөн каршы чыгууну тарткан Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун бул ирет Чыгыш Иерусалимдин айрым маалаларында жашаган 80 миң палестиналыкты шаардан кууп чыгууну ойлогону ортого салынганын баяндаган. Израиль медиасына караганда Нетаньяху бул пикирин кабинет жыйынында талашка салганы белгиленген.
«Хабер түрк» гезити “Кытайдын акча бирдиги юань IMFтин резервдеги акчасы болууга камынууда” атту маалыматында аттары аталбаган үч булакка караганда IMF, кытайлык кызматкерлерге IMFтин эсеп бөлүмү болгон Карызга алуунун атайын укуктарына (SDR) учурдагы баа берүүсүндө ыктымалдуу түрдө юандын да кошула турганын билдиргенин баяндаган.
Гезит булактардан экөөнүн Кытайдын бул укукту ала турганына абдан ишенгенин жана ушул себептен бул токтомду куттуктаган билдирүү даярдай баштаганын белгиледи. SDRдин учурдагы резерв акча бирдиктери; доллар ,евро,стерлин жана япон акча бирдиги йенден турат.
“Стар” гезити “Ишеним индекси октябрда өстү”аттуу маалыматында Түркия статистика мекемеси ТҮИК 2015-жылдын октябрь айына карата “Кардардын ишеним индексин”жарыялаганын жазган.
Гезит буга ылайык сентябрда 97,54 пайыз болгон кызмат секторунун ишеним индекси 0,1 пайызга өсүп октябрда 97,63 пайызга жеткенин белгилеген. Анда чекене соода секторунун ишеним индекси 2,7 пайызга өссө, курулуш секторунун ишеним индекси 0,5 пайызга төмөндөгөнү маалымдалган.
“Хүррийет” гезити “Косово менен Македония 5 км жакындашты”атту маалыматында Түркиянын алдыңкы курулуш фирмалары ENKA жана өнөктөшү Бечтелдин, Косовонун борбор калаасы Приштина менен коңшу өлкө Македонияны бири-бирине туташтыруучу 65 км жаңы жолдун алгачкы 5 км тейлөөгө киргизгенин баяндаган.
Гезит айрыкча ачылган бул байланыш менен транзит каттамдын борбор калаа Приштинанын ичине киришине бөгөт коюлаарын жана бул долбоор 2016-жылдын алгачкы айларында аякташы пландалганын маалымдаган.
“Йени Акит” гезити “Мевлананын Балхтагы үйү рестоврация кылынууда” деген маалыматында Түрк кызматташтыгы жана координация агенттиги башкармалыгы ТИКА,Ооганстандын түндүгүндөгү Балх районунда орун алган Мевлана Желалледдиндин туулган үйү, атасы сабак берген «Султан-ул Улема Хожа Бахауддин Велед» медресесин рестоврация үчүн алгачкы кадамды таштаганын жазган.
Гезит ТИКАнын бул долбоордун алкагында аймакта үйлөрү кулатыла турган 28 үй-бүлөгө үй салдыра баштаганын, сентябрдын акырында башталган курулуштун 2015-жылдын 25-декабрында бүтүрүлүп тапшырылышы көздөлгөнүн маалымдаган.
«Ватан» гезити «Аялдар Антальяда, эркектер Анкарада көп жашайт» деген маалыматында Түркия статистика мекемесинин 2013-2014-жылдарга байланыштуу эң чоң 5 облустагы «жашоо процесси» изилдөөсүнө караганда, аялдар эң узун Антальяда, эркектер да жалпы орто эсепте Анкарада көп жашаганы белгиленгенин баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар