Түрк басма сөзү 19. 10.2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

355759
Түрк басма сөзү 19. 10.2015

«Ватан» гезити «Меркелден Түркияга 4 ишеним» деген маалыматында Стамбулга келип президент Эрдоган жана премьер – министр Давутоглу менен жолугушкан Германиянын канцлери Ангела Меркелдин 2016 – жылы Европага берилген визалардын июль айында жоюлушу менен бирге 4 темада ишеним бергенин жазган. Ушуга караганда Германия Түркияга качкын кризиси үчүн 3 миллиард евро жардам берет. Түркия ишенимдүү өлкө статусуна алынат жана Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси ылдамдайт.
«Сабах» гезити «Качкындар босогого келери менен көзү ачылды» деген маалыматында вице – премьер Нуман Куртулмуш качкындар кризиси менен бирге Европа континентинде болуп жаткан маселелерди Анкаранын жардамы болбостон ашып өтүүнүн мүмкүн болбой турганын Европанын эми түшүнгөнүн айтты. Качкындардын Европанын босогосуна келиши менен Европа Биримдигинин Түркиянын Сирия маселесин чечүү сунуштарына баа бере баштаганын баса белгилеген Куртулмуш : «Эч бир өлкө Сирияга курал жана күч жыйноо менен бул согушта жеңишке жете албайт» ,- деди.
«Йени шафак» гезити «Түркия жакындаган сайын Европа Биримдиги алыстады» деген маалыматында Европа Биримдиги министри Берил Дедеоглу Европа Биримдигинин Түркияга мүчөлүк тууралуу дайыма бөгөт болгонун айтканын жазган. Акыркы 5 жылда мүчөлүк сүйлөшүүлөрүндө бир гана теманын сүйлөшүлгөнүн эске салган Дедеоглу : «Сүйлөшүүлөр башталган учурда Европа Биримдиги артка тартты»,- деди.
«Стар» гезити «Караман азык – түлүк өрөөнү» деген маалыматында экономикасы дыйканчылыкка таянган Караман эркин аймак түзүү менен дүйнөнүн негизги азык – түлүк борбору болууну максат кылганын жазган. Дүйнөдө өсүп бараткан азык – түлүк талабына жооп берүүнү максат кылган «азык – түлүк өрөөнү» проектиси менен Караман глобалдык марка чыгарууну да пландап жатат. Проектинин ишке ашуусу менен 5 – 10 жылдан кийин дүйнө Караман моделинен сөз кылат.
«Хабер түрк» гезити «Мугла табигый фильм платосу болду» деген маалыматында тарыхый жерлери жана табигый кооздуктары менен жыл сайын жүз миңдеген турист зыярат кылган Муглада акыркы мезгилдерде тартылган жергиликтүү жана чет элдик кинолордун санында өсүү болгону байкалганын жазган. Муглада бул жылы 12 сериал, 19 кино жана 9 даракетүү, 18 саякат жана телекөрсөтүү программасы тартылды. Оскар сыйлыгынын ээси актер Рассел Кроу режиссеру болгон жана башкы ролду аткарган «Акыркы үмүт» киносу да Муглада тартылгандардын арасында. Кино жана сериалдардын саясында аймакка келген турист саны да өстү.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар