Түрк басма сөзү-15.10.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

393004
Түрк басма сөзү-15.10.2015

«Стар» гезити «Президент Эрдоган: «ПККны гүлдөтүү үчүн ак эткенден так этишүүдө» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Чанкырыда курулган «Sumitomo Rubber» ишканасынын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө, Түркия ПКК жана анын уландылары болгон ПЙД-ЙПГ террор уюмдарынын, ДНКП-Жнын жана ДЕАШтын ортосунда эч кандай айырма болбогонун айтканын жазды.
Гезит президент Эрдогандын: «ПКК шейит кылган коопсуздук күчтөрүбүздү, алар кырган адамдарыбызды көрмөксөнгө салган катмар бар. Булар, ПККны жана бул уюмдун колдоосундагы калган түзүлүштөрдү гүлдөтүш үчүн ак эткенден так этишүүдө»-дегенин баяндаган.
«Ватан» гезити «Виза коркутуусу» аттуу маалыматында Германиянын канцлери Ангеа Меркелдин Түркияга сапарынын алдында ЕБ, Түркия менен баш калкалоочу сүйлөшүүсүндө виза көзүрүн көрсөткөнүн жазган.
Гезит Европа Биримдиги Кеңешинин төргасы Дональд Туск, Түркиянын ЕБне качкын агып киришин токтотуусу керектигин айтканын баягандан. Туск: «Түркия ЕБнен дагы оңой саякат визасын алуу сыяктуу жол бошотууларды кааласа, Европага келген качкындардын агымын азайтышы керек. Баш калкалоочулар темасында Түркия биз айтканыбызды кылбаса, ЕБнен катышуу, виза жана жардам тармактарында эч бир нерсени ала албайт», деген серебин салды.
«Сабах» гезити «Үчүнчү атомдук станцияга АКШ жана Кытай талапкер болду» аттуу маалыматында энергетика жана жаратылыш ресрустары министри Али Рыза Алабоюндун үчүнчү атомдук станциянын Кыркларели-Ийнеадада салына турганын жарыялаганын жазган.
Анда Алабоюндун: «Кытайлар менен Американын Westinghouse фирмасы менен меморандумга кол коюлду. Алар изилдөлөрүн жүргүзүп жатышат. Сунуш бере тургандар менен сүйлөшөбүз. Япондор да кызыгышууда», дегенин берген.
«Йени шафак» гезити «Стамбулда транспорт орундалат» аттуу маалыматында Стамбулдун 2019-жылы дүйнөнүн эң өнүккөн шаарларынан дагы узун жана дагы заманбап метро системасына ээ болоорун маалымдаган.
Гезит Стамбул мэриясынын киришүүсү менен Стамбул 2023-жылга чейин темир жол системалары менен жабдылаарын, стамбулдуктардын транспорттогу кыйынчылыктарын азайтууга карай жүргүзүлүп жаткан иштерде, 2004-жылдын алдында орто эсеп менен 45 км узундуктагы темир жолдуу системалар быйыл 145 км жетээрин жана 2019-жылга чейин 441 км жетиши көздөлгөнүн, 2019-жылдын акырында болсо 981 км жетиши максатталганын баяндаган.
«Хабер түрк» гезити «Гамлет Стамбулга келе жатат» аттуу маалыматында «Зорлу» перформанс санаттары борборунда Шекспирдин дүйнөлүк театрынын «Globe to Globe Hamlet» гастролунун алкагында Шекспирдин чоң чыгармасы «Гамлет» көрсөтүлөөрүн белгилеген.
Гезит жазуучунун 450 жылдыгы болгон 2014-жылдын 23-апрелинде башталган жана эки жылга созула турган буга окшошу көрүнбөгөн театр саякатынын 10-11-ноябрдагы аялдамасы «Зорлу PSM» болоорун маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар