Түрк басма сөзү-13.10.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

391755
Түрк басма сөзү-13.10.2015

«Хүррийет» гезити «Террор курмандары ушундай жерге берилди» аттуу макалада Анкарадагы «эмгек, тынчтык жана демократия» митингине кош бомбалуу кол салууда каза болгондор кечээ Түркиянын төрт тарабындагы расмилер менен узатылганын жазган.
Гезит көз жаштары көлдөгөн расмилерде террорго наалат айтылганын жазды. Анкарадагы жырдырууда каза тапкан 9 жаштагы Вейсел Атылган, атасы Ибрахим Атылган менен бирге Батманда жерге берилгенде, Анарадагы мектебинде аза күтүү бар эле. Классташтары мектептин доскасына «тынчтык алып келүү үчүн кеткен эле, Вейсел ар дайым 9 жашта болот»,деп жазышты.
«Хабер түрк» гезити «Түркия аза күтүүдө» аттуу маалыматында Анкарадагы кыргындан кийин Түркиянын төрт тарабында кары- жаш, аял-эркек дебестен жүз миңдеген киши канкор террордун курманы болгон 97 кишини эскерүү үчүн көчөгө чыгышканын жазган.
Гезит бардык жерде аза күтүү жана террорго ызырынуу бар экенин, 1 миллион мүчөсү бар ДИСК,КЕСК,ТТВ жана ТМОВВ профсоюздарынын жол башчылыгында кесиптик уюмдар жана профсоюздар иш ташташып, саат 10дон 4 мүнөт өткөндө каза болгондордун жаркын элеси үчүн таазим кылышканын баяндаган.
«Йени шафак» гезити «ДЕАШты Түркияга сүрүп чыгаруу планы» аттуу маалыматында Сирия кайрадан дизайндалып жатканда процесске кирген Орусия, ДЕАШты Асад жана ПЙД менен биргелеше Түркияга сүрүп чыгууну пландаганын жазган.
Гезит Орусия, ДЕАШты Түркия чек арасына такап, Асадга эң бийик үн менен каршы чыккан Түркияга ДЕАШты киргизип жиберүүнү максаттаганын маалымдаган. Анда эң акырында болсо «ДЕАШ террористтери Түркия аркылуу Сирияга кирди» деген түшүнүктү жаратып Түркияны кыйнаганга аракеттенгени белгилүү болду.
«Ватан» гезити «Патриарх Гөкчеададагы мектепте» аттуу маалыматында Фенер рум патриархы Варфоломей 40 жылдык мөөнөттөн кийин 28-сентябрда кайра ачылган жеке менчик Гөкчеада Рум орто мектебине жана лицейине барганын жазган.
Гезит Тепекөйдөгү мектепте 5, лицейде 6 окуучусу болгон мектепке барган Варфоломейдин имартта уюштурулган диний аземге катышканын баяндаган.
«Стар» гезити «KOBiлерде 3 миллион кишини жумуш менен камсыздай турган план» аттуу маалыматында Жогорку пландоо мекемеси чакан жана орто көлөмдөгү ишканаларды чоңойто турган 4 жылдык стратегиялык иш планын даярдаганын жазган.
Гезит ага ылайык өзгөчө өндүрүш өнөр жайында ишин жүргүзгөн KOBi колдоого алынып насыя каналдары ачалаарын, ушундайча 2018-жылга чейин 3 миллион жаңы жумушчуга орун табыла турганын баяндаган.
«Сабах» гезити «Кош устат» аттуу маалыматында 22 жыл уланган «Olacak O Kadar» аттуу телепрограммасы менен таанылса дагы театрга 1964-жылы баштаган комедиянын устаты Левент Кыржа 67 жашында каза болгонун маалымдаган.
Гезит Кыржанын сөөгү бүгүн түштө Левент мечитинде кылына турган жаназа намазынан кийин Зинжирликую көрүстөнүнө коюлаарын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар