Түрк басма сөзү-11.10.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

391192
Түрк басма сөзү-11.10.2015

«Сабах» гезити «Түркияга тузак, тынчтыкка каршы кош бомба» аттуу маалыматында ПККнын канкор башчысы Мурат Карайыландын «өлкөнү кан талатабыз» деген коркутуусунан 13 күн өткөн соң Түркия тарыхынын эң чоң террордук кырыгынына дуушар болгонун жазган.
Гезит 7-июндагы шайлоолордун алдында Диярбакырда, шайлоодон кийин да Суручта болгон кандуу сценарий эми 1-ноябрь шайлоолоруна саналуу күндөр калганда борбор шаар Анкарада сахнага чыкканын, өлкөнүн биримдигине жана улуттун ынтымагына карай болгон кол салууларда алгачкы белгилөөлөрдө 95 киши каза таап, 246 киши жаракат алып ооруканага жатканы, алардын ичинен 48нин абалы оор экени билдирилди. Мыкаачылык кол салуу тарыхый Анкара поезд станциясынын алдында «тынчтык» митингин өткөрүү үчүн чогулган топторго карай болду.
«Йени шафак» гезити «Террорго карабай миң инвестор кезекте турат» аттуу маалыматында улам күчөгөн террор окуялары Түштүк Чыгыштагы коопсуздук жана ынтымак чөйрөсүн бузганына карабастан инвестордун аймакка болгон кызыгуусу уланууда экенин жазган.
Гезит аймактык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Садреттин Карахожагил, Уюмдашкан өнөр жай аймактарында (OSB) инвестиция салгысы келген жана орун күткөн миң фирма болгонун айтканын баяндаган.
Анда Карахожагил: «Тышкарыдан олуттуу инвесторлор келе баштады, мейманкана чынжырлары келди, өнөр жайчылар жана уюмдашкан өнөр жай аймактарыбыз толуп жаңылары кошулду, бул олуттуу инвестиция өсүүсү тынчтык чөйрөсү аркылуу камсыздалды. Газиантеп 6-уюмдашкан өнөр жайын, Шанлыурфа 3-уюмдашкан өнөр жай, Диярбакыр жана Мардин 2-уюмдашкан өнөр жайларын даярдоодо. Бул иштер да токтогон жок»-дегени орун алды.
«Стар» гезити «Газда убадасына турбаган Орусияга каршы арбитраждык сотко кайрылуу даярдалууда» аттуу маалыматында Орусиянын жаратылыш газ боюнча жыл башында жарыялаган 10,25 пайыздык арзандатууну дагы эле жасабай келиши экономика башкаруусун кыймылга өткөргөнүн баяндаган.
Гезит Түрк агымын шылтоо кылып арзандатуу жасабаган Орусияга каршы арбитраждык сотко кайрылуу күн тартипке келгенин баяндаган.
«Хүррийет «гезити «Милдетибиз Белек» аттуу маалыматында 15-16-ноябрь күндөрүндө Антальянын Белек жергесинде өтө турган Чоң жыйырмалыктын саммити үчүн аймакка «лидер» жаай турганын белгилеген.
Гезит Түркия кезектешкен төрагалыгын кылган Чоң жыйырмалыктын саммитинин алкагында АКШнын президенти Барак Обамадан тартып Германиянын канцлери Ангела Меркелге чейин, дүйнөлүк лидерлерди тосо турган аймактын ультра люкс мейманканалары «first class» коноктор үчүн даярдыгын баштаганын маалымдаган. Белекте лидерлер кала турган мейманканалар да белгиленип, мейманканалардын баалары болсо бир түнгө 2 миңден 30 миң лирага чейин болоору орун алды.
«Миллийет» гезити «Тагылса боло турган жүрөк батарейкасын өнүктүрдү» аттуу маалыматында Массачусетс технология институтунда кызмат кылган др.Жанан Дагдевирен (30), удаама-удаа жетишкен ийгиликтери менен көңүлдөрдү бурганын жазган.
Гезит эң акырында Гарвард унрверситети тарабынан «Жаш академик мүчөлүгүнө» тандалган жана бул наамды алган алгачкы түрк болгон Дагдевирен ушул жылдын башында «Forbes» журналынын «30 жашка чейинки 30 илимпоз» тизмесине киргенин маалымдаган.
Гезит нормалдуу шарттарда 5-7 жылга чейин жараган жүрөк батарейкаларын өлүмсүз кылган Дагдевирен, 5 жышынан бери ушуну кыялданып келген жана «5 жаш курагымда чоң атаман жүрөк оорусунун себебинен ажырагам. Ошондон бери 28 жашка чейин жүрөгү ооруган адамдар үчүн бир нерселерди жасоого чечим чыгардым»-деп айтканын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар