Түрк басма сөзү-8.10.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

389698
Түрк басма сөзү-8.10.2015

«Миллийет» гезити «Эрдоган Японияга баратканда Орусия тууралуу серебин салды» аттуу макалада президент Режеп Таййип Эрдогандын: «Жаратылыш газды башка жерден алышыбыз мүмкүн. Түркиядан ажыроо, Орусия үчүн көп нерседен ажыроо болот. Аккую атомдук станциясын орустар салбаса башкасы салат. Арапа күнү Путин менен бетме-бет олтуруп сүйлөштүк. Аба операциясынан кийин дароо телефондо сүйлөшүүбүз болду. Булардын баары болгондон кийин, абадан бомбалоолор дагы, аба мейкиндиги эрежелерин бузуу дагы албетте чындык менен коошпойт. Албетте таарынган абалдабыз. Мындай шарттарда менин Путинге кайра телефон чалуумдун кажети жок»-дегенин баяндаган.
«Йени шафак» гезити «Кассациялык соттон алгачкы юриспруденция» аттуу маалыматында Кассациялык сот алгач ирет ДЕАШка байланыштуу соттоо өкүмүн бекиткенин белгилеген.
Гезит уюмдун «Мусулман мамлекеттердин бийликтерин кулатып анын ордуна радикал салефи көз караштар боюнча бир мамлекет курууну максаттаганын» белгилеген Кассациялык сот, ДЕАШты куралчан террор уюму катары мүнөздөгөнүн баяндаган.
«Хабер түрк» гезити «Проф.Азиз Санжар химия боюнча нобель сыйлыгын алды: ДНКбызды оңдоду» деген макаласында экинчи Нобель сыйлыгы Түркиянын өкүнүчтүү химиясына жакшы дары болгонун, рак оорусун дарылоодо жаңылык жарата турган Нобелди алган Санжар, террордон жапа чеккен рухубузду да дарылай турганын маалымдаган. Гезит Санжардын «Мамлекетим үчүн сыймыктанам. Муну даярдаган Түркиядагы билим берүү болуп саналат»-дегенин жазган.
«Сабах» гезити «Булуңдун жээги Түрктөргө аманат» аттуу маалыматында High Tech Port by МИСИАД менен Катарга барган түрк коргоо өнөр жайы фирмалары биринен-бири өткөн маанилүү келишимдерге кол койгонун билдирген. Анда Арес кеме куруучулук Катар үчүн өндүрө турган 17 жээк коопсуздугун сактоочу кайыгында АСЕЛСАНдын курал системаларынын колдонулушу үчүн макулдашканы орун алган.
«Стар» гезити «3-аэропортко 6 банктан 4,5 миллиард евро финансы бөлүндү» аттуу макалада ЛИМАК холдингдин башкаруу кеңешинин төрагасы Нихат Өздемир, Стамбулда салынып жактан үчүнчү аэропорттун биринчи этап инвестициясына карай 4,5 миллиард евролук финансы пакетине 19-октябрда кол коюну пландагандарын айтканын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар