Түрк басма сөзү-7.10.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

389061
Түрк басма сөзү-7.10.2015

«Стар» гезити «ПККнын ыплас планы» аттуу маалыматында мыкаачылыкта чек билбеген террор уюму ПКК, элден колдоо көрбөй калган соң өзүн акылуу көрсөтүш үчүн жаңы жолдорду сынап жатканын белгилеген.
Гезит террор уюмунун жаңы ыплас планы өздөрүнө жандуу калкан болгон жарандарды өлтүрүп, күнөөнү коопсуздук күчтөрүнө коюу экенин маалымдаган. Анда ыплас план террористтердин рациядагы сүйлөшүүлөрүндө угулганы, операциялар менен кыйроого кабылган террор уюму ПКК, эми өздөрүнө ыктыярдуу кошулган эч кимди таба албай калганы, ДЕАШтан айырмасы болбогон ПККнын башка бир максаты да күрттөрдү исламдан ажыратуу болуп саналааары орун алган.
«Ватан» гезити «Жергиликтүү автомобиль министрлер кеңешинде» аттуу маалыматында илим, өнөр жай жана технология министри Фикри Ышык жергиликтүү автомобиль өндүрүү боюнча иштер ылдам жүрүп жатканын маалымдап, электрдүү жергиликтүү автомобиль ушул жумада министрлер кеңешине сунушталаарын айтканын баяндаган.
«Йени шафак» гезити «Ыраакы чыгыш өлкөлөрү менен тыгыз соода-сатык мезгили» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын расмий сапар менен барган Япония менен Түркиянын ортосундагы соода көлөмү 3,6 миллиард доллар деңгээлинде болгонун белгилеген.
Гезит Түркияда 2014-жылдан баштап 183 япон тектүү фирма иш алпарууда экенин, Түрксат 4А жана Түрксат 4В кабарлашуу спутниктери да түрк-япон инженерлеринин өнөктөштүгү менен өндүрүлгөнүн маалымдаган.
«Сабах» гезити «Иран Түркиянын тажрыйбасынан пайдалангысы келет» аттуу маалыматында Батыш менен эмбарго тоскоолдугунан ашып өткөн Ирандагы текстиль өндүрүшчүлөрү Түркиядан технология сураганын жазган. Гезит өндүрүшчүлөрдүн түрк текстилчилерге «финансылык инвестиция шарт эмес. Капитал бизден, технология сизден» дегенин баяндаган. Гезитте 2-5-октябрдын арасында 50 кишилик делегация менен Тегеранга барган Стамбул Текстил жана чийки заттарын экспортоочулар биримдигинин өкүлдөрү, Ирандын текстиль секторунун өкүлдөрү менен жолукту. Түрк фирмалар, эмбаргонун жоюлушу менен Ирандын 6,5 миллиард доллардык текстиль экспортунун маанилүү бир бөлүмүнө талапкер болгонун баяндаган.
«Миллийет» гезити «Дүйнөнүн түстөрү искусство сүйүүчүлөргө тартууланды» аттуу маалыматында Анкаранын Заманбап санаттар борборунда 30 өлкөдөн 60 искусство чеберинин чыгармалары көргөзмөгө коюлган «Дүйнөнүн түстөрү» көргөзмөсү калың катышуучусу болгон азем менен башталганын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар