Түрк басма сөзү 26. 09.2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

354056
Түрк басма сөзү 26. 09.2015

«Йени шафак» гезити «Түркия ажылык иштерин уюштурууга талапкер» деген маалыматында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрага орун басары Мехмет Али Шахин Минада болгон кырсыкка байланыштуу : «Уюштуруу иштерин бизге беришсин. Түркия ажылык иштерин эч кимдин мурду канабастан уюштурат. Акы да талап кылбайт», - дегенин билдирген. Шахин Стамбул митингдеринде 2 миллионго жакын кишинин эч кандай маселе болбостон чогулуп таркаганын мисал катары көрсөттү.
«Стар»гезити «Аэропорттор жүргүнчүлөрдүн санынын өсүүсүндө Европа биринчиси болду» деген маалыматында Стамбулдагы Ататүрк жана Сабиха Гөкчен аэропорттору эң көп жүргүнчүсү болгон аэропортоордун арасында Европада биринчи болгонун жазган. Анкара Эсенбога экинчи, Трабзон аэропорту болсо бешинчи орунду алды. Аэропорттордо жүргүнчү саны орточо 5, 7 пайызга өстү.
«Сабах» гезити «Капиталист экономика териштирилүүсү керек» деген маалыматында чоң жыйырмалардын негизинде биринчи жолу Түркияда түзүлгөн Women 20 тобунун Жогорку Кеңеши Стамбулда өткөнүн билдирген. Жыйында коомдук жана менчик сектордон башкаруучулар, адистер, илимпоздор катышты. Жыйында башкаруу кеңешине аял квоталарынын алып келинүүсү, теңсиздиктердин жоюлушу сыяктуу темалар алдыга чыкты. Президент Эрдогандын кызы Семеййа Эрдоган : «Капиталисттик экономиканын жана пайда максаттуу иштөөнүн адамдын табияты менен жана бейкуттугу менен канчалык шайкеш экенин дагы көп талкуулашыбыз керек»,- деди.
«Хабер түрк» гезити «АКШлыктардын чачы түрк фирмаларына аманат» деген макаласында Түрк фирмасы B’iota АКШ саламаттык сактоо министрлигинин бекитүүсү менен 300 миллион калктуу өлкөнүн чачты багуу боюнча базарына кадам таштаганын жазган. B’iota өлкөнүн эң негизги аптека чынжыры Walgreenге кирип 24 миң сатуу жерине жетти. Түркия климаттык түзүлүшү жана абалы менен дүйнөнүн эң көп эндемикалык өсүмдүк түрүнө ээ. Фирма миңдеген өсүмдүк боюнча иликтөө жүргүзүп, адамдын ден соолугуна пайдалуу нерселерди табууда.
«Ватан» гезити «АКШнын президенттик талапкерлерине Түркия суроолору» деген маалыматында АКШда иш алып барган ‘Turkish Heritage Organization’ АКШда боло турган 2016 президенттик шайлоосунан мурда бардык президенттик талапкерлерине Түркия суроолорун бергенин жазган. Талапкерлердин жооптору Turkish Heritage Organizationдин интернет сайтында жарыяланат. Ушундайча шайлоолордо түрк шайлоочунун чечим чыгаруусуна жардам берет. Айрыкча АКШда президент ким боло турган болсо Түркия тууралуу берилген убадалар боюнча эсеп суралат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар