Түрк басма сөзү 22.09.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

353014
Түрк басма сөзү 22.09.2015


«Хүррийет» гезити «13 миллион жүргүнчү майрамдык эс алууга чыкты» деген макаласында 9 күндүк майрамдан пайдаланууну каалагандар үйлөрүнө кайтуу күнүн 27-сентябрь деп белгилегендиктен бардык жерде билеттер калбай калганын жазган. 7.5 миллион киши автобустар менен, 3 миллион киши деңиз жолу аркылуу 2.5 миллион киши болсо аба жолдору менен саякатка чыкты. 13 миллион жүргүнчүгө өз унаалары менен жол тартканкандарды да кошкондо бул 9 күндүк майрамдык эс алуудан кайтуу күнүнүн абдан татаал өтөөрү божомолдонууда. Өзгөчө үйлөрүнө кайтуу үчүн билет албагандардын иши дагы да кыйын болчудай.

«Йени шафак» гезити «Батыш Фракия рекордго жетишти» деген макаласында Грецияда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо рекордго жетишкен Батыш Фракия түрктөрү 69 жылдан кийин алгач ирет төрт түрк эл өкүлүн грек парламентине жөнөтө алганын жазган. Өткөрүлгөн шайлоодо төрт түрк эл өкүлү грек парламентинде түрк азчылыгын өкүлдүк кылууга укуктуу болду. Аймактын тургундары буга өтө кубанычтуу.

«Стар» гезити «Ыраакы Чыгыштагы төрт өлкө Афшинде 12 миллиард доллардык жарышка түштү» деген макаласында Түркиянын эң маанилүү көмүр бассейни Афшин-Эльбистан үчүн ат салышуу ылдамдаганын жазган. Бириккен Араб Эмирликтеринин компаниясы баш тарткандан кийин 3 өлкө инвестиция жасоо үчүн чечкиндүү экендиктерин билдиришти. Түштүк кореялык эки компания Афшин-Эльбистан көмүр бассейни жана станциясы үчүн сүйлөшүүлөрүн улантып жатканда, дагы эки фирма да ишке киришти. Алынган маалыматка караганда Кытай менен Япония (Мицуи компаниясы) 12 миллиард доллардык инвестиция жасала турган 3 станция жана көмүр аянты үчүн Министрликтин каалгасын чертти. Эки өлкө инвестицияда ат салышып жатканда Япониядан келген делегациянын Энергетика министрлигинде жооптуу кызматкерлер менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү билдирилди. Афшин-Эльбистан үчүн бул 3 өлкө менен катар Франция менен Катар да аракет кылып жаткан эле.

«Сабах» гезити «Йозгаттык кичинекей жылдыз Оскар аземи үчүн Америкага барат» деген маалыматында Йозгаттын Йеркөй районунда жашаган Изжи үй-бүлөсүнүн алты баласынан бешинчиси болгон Доган Изжинин, Каан Мүждежинин «Сивас» аттуу кино тасмасындагы жөндөмдүүлүгү ар кимди суктандырганын жазган. Доган Изжи башкы каарман ролун ойногон кинотасма Америкада өткөрүлө турган 88-Оскар сыйлыгынын «Эң мыкты чет элдик кино тасма» наминациясында талапкер көрсөтүлгөндүктөн Йозгаттык Доган да АКШга бармай болду. Карапайым үй-бүлөнүн баласы Доган Изжи 13-октябрда атасы Недим Изжи менен Оскар сыйлыктарын тапшыруу аземи үчүн Америкага барат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар