Түрк басма сөзү-17.09.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

351089
Түрк басма сөзү-17.09.2015

«Сабах» гезити «1-ноябрда террорду жерге көмөлү» аттуу макаласында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркия жаштык клубу федерациясынын курултайында сүйлөгөн сөзүндө: «1-ноябрда миң жылдык жаңылык болсун, кайрадан жаралуу болсун. Бул кайрадан жаралууда да бул өлкөдө террорду жерге көмгүлө деймин»-дегенин баяндаган.
«Ватан» гезити «Нан тандырында бомба» аттуу маалыматында Мардиндин Нусайбин районунда ПККлыктар зооттолгон полиция унаасы өткөн убакта жардырышкан жана 3 полицияны шейит кылган бомбанын жолдун боюндагы нан жасоочу тандырга жашырылганы ортого чыкканын белгилеген.
«Йени шафак» гезити «Ислам кызматташтыгы кайда?» аттуу маалыматында 1969-жылы Месчид-и Аксада еврей радикалдар тарабынан чыгарылган өрттөн кийин пайдубалдары түптөлгөн Ислам Кызматтшытк Уюму, курулган максатын унутканын, акыркы убактагы Израилдин провакациялык кол салууларын арттан байкап жатканын, Сауд королу Салманга телефон аркылуу байланышкан президент Эрдогандын чакырыгынан кийин тунистик лидер Ганнуши да ИККну шашалыш жыйын өткөрүүгө чакырганын маалымдаган.
«Стар» гезити «Дүйнөнү асманга учурууда» аттуу маалыматында аба майданын иштетүүчүлүгү темасында француз өнөктөшү менен 13 өлкөдө 69 аба майданында иш алпарган TAV аэропорт фирмасы, Африка, Орусия жана АКШдагы менчиктештирүүлөргө багытталганын жазган.
Гезит TAV аэропортторунун жетекчиси Сани Шенер: «Бул өлкөлөрдөн чакырык алуудабыз. Айрыкча Индияда сатып алууларга даярдануудабыз. Филиппин аралдары радарыбызда»-дегенин баяндаган.
«Миллийет» гезити «Монархияга каршы Корбин улуттук гимнин ырдаган жок» аттуу маалыматында Англияда өткөн аптада Жумушчу партиясынын жетекчиси болуп шайланган Жереми Корбиндин Улуу Биртания согушунун 75 жылдыгын эскерүү аземинде Англиянын улуттук гимнин коштоп ырдабаганы көңүлдөрдү бурганын жазган.
Гезит монархияга каршы республиканы жактаган Корбиндин, ичинде «Теңир Королеваны сактасын» деген сүйлөм болгон улуттук гимн ырдалган убакта үн катпай калууну тандаганын жазып чыкты. Анда Корбиндин бул мамилеси бийликтеги консервативист партия менен катар өз партиясынан да каршы чыгуулардын келишине себепчи болгону, ВВСга берген маегинде эскерүү аземин урматтаганын айткан Корбин, мындан кийин ушул сыяктуу иш-чараларга катышпоону тандай турганын айтканы орун алды.
«Хүррийет» гезити «Алтын топ 11-сентябрда» деген маалыматында футбол дүйнөсүнүн эң престиждүү уюштурууларынан 2015 ФИФА Алтын топту жеңип ала турган футболчу 2016-жылы 11-январда белгилүү боло урганын жазып, Рональдо-Месси атаандаштыгы уланып жатканын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар