Түрк басма сөзү-10.09.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

344102
Түрк басма сөзү-10.09.2015

«Йени шафак» гезити «2 миллион соодагерге туугандык афишасы» аттуу макаласында курамында 494 кесиптик тармакты камтыган Түркиянын соодагер жана кол өнөрчүлөр конфедерациясы ТЕСК, өлкөдө күчөп бараткан террор жана көчөлөрдөгү чыңалуу боюнча аракетке өткөнүн баяндаган.
Гезит Түркиянын соодагер жана кол өнөрчүлөр конфедерациясы биримдикти чыңдоо максаты менен 2 миллион ишканага «Бардыгыбыз тууганбыз!» деген афиша тарката турганын маалымдаган.
«Стар» гезити «Күртмүн, каржы минисримин» аттуу маалыматында Стамбулдагы Финансы саммитинин экинчи күнкү ачылышында сөз сүйлөгөн жана катышкан отурумда суроолорго жооп берген каржы министри Мехмет Шимшектин акыркы убактагы террордук окуяларга сереп салганын жазган.
Гезит министр Шимшектин Түркиянын Ирак же Сирия сыяктуу эмес экенин билдирип, тышкарыдан террорго байланыштуу анализдер жасалганын, ушундайча Жакынкы Чыгышка байланыштуу анализдердин Түркиянын ичинде да жарактуу сыяктуу көрсөтүлгөнүн билдирип: «Түркия көп убактан бери демократиялык тажрыйбасы болгон, атуулдарынын ортосунда кымындай да бөлүүчүлүк кылбаган өлкө. Карагыла мен Түркия атуулумун бирок күрт тектүүмүн. Ал учурда мен Түркия республикасынын Каржы министримин»-дегенин баяндаган.
«Хабер түрк» гезити «Дүйнөдө алдыңкы 6 кишинин арасына киребиз» деген курулуш менен бирге өскөн иш машиналары сектору 2023-жылы 10 миллиард доллардык экспортту максаттап жатканын баяндаган. Гезит сектордун жылдык иш жана курулуш машиналарын сатуу максаты болсо 20 миң даанага жеткенин баяндаган.
Гезит бул сан Түркиянын дүйнөдө алдыңкы 6, Европада алдыңкы 3 базардын арасына киришин камсыздаарын белгилеген.
«Йени шафак» гезити «Дөө-шааларга ачкыч таштаттырды» деген маалыматында Нидерландиянын Радбоуд университетинен түрк тектүү Барыш Эге, арасында атактуу автомобиль ачкычтарынын 2 жолу колдонгондо көчүрүлгөнүн ортого салганын жазган.
Анда дүйнө дөө-шааларын жаңы коопсуздук изденүүлөрүнө мажбур кылган Эге, бул изилдөөнү кардардын коопсуздугу үчүн жасагандарын айтканын баяндаган.
«Сабах» гезитинде жарык көргөн «Венеция блокадага алынды» деген маалыматта Эмин Алпердин Венеция кино фестивалында дүйнөлүк бет ачары болгон жана чоң жактырууга ээ болгон «Блокада» аттуу кино тасмасы, чоң сыйлык Алтын Арстан үчүн жарыша турган талапкерлердин арасында көрсөтүлгөнү орун алган.
«Ватан» гезити «5 миң жылдык деңиз жолу» аттуу макаласында Селжук университетинин Силифке жээктеринде жүргүзгөн суу астындагы археологиялык казууларында 5 миң жылдык деңиз жолу багытынын табылганы маалымдалды.
Анда Суу асты археологиясы кафедрасынын тобу тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө якор байлай турган жерлер, байыркы чөккөн кемелер жана суу астында калган байыркы кеме жасоочу жайлардын белгиленгени орун алган.
«Миллийет» гезити «Берни телефон чалды, Стамбулга келмей болду» деген маалыматында формула-1 жарыштарынын төрагасы катары таанылган Берни Экклстоун формула-1 жырышынын Стамбулга кайтышы үчүн Вурал Ак менен сүйлөшүп, анын акысын 13,5 миллион долларга түшүргөнүн, так чечимдин шайлоодон кийин чыга турганын, эгер бекитилип калса Түркия 2016 графигине кошулаарын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар