Түрк басма сөзү-9.09.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

343836
Түрк басма сөзү-9.09.2015

«Стар» гезити «Рацияларды жаап таштап шейиттердин өчүн алышты» аттуу макаласында түрк десанттары Даглыжада шейит болгон 16 аскер жолдошторунун канын жерде калтырбагынын баяндаган.
Гезит 17 кишилик команда, Даглыжада террористтерди аңдуу үчүн чыкканын, тик учмалар менен аймакка ташталгандан кийин, базаларынан «кайра кайт» деген буйрук албаш үчүн рацияларын жаап таштаганда, алардын жоголгонунан санааркала баштаганын, а чындыгында алар ошол убакта жүздөгөн террорист менен айыгышкан атышууга киргенин белгилеген.
Гезит түрк десанттарынын аркасында 73 ПККлык террористтин өлүгүн калтырып, 25 террористти тирүүлөй кармап, эч кандай жоготууга учурабастан бири-бирине убада бергени сыяктуу Даглыжа шейиттеринин өчүн эсеси менен алгандарын маалымдаган.
«Йени шафак» гезити «Террорго каршы биргелешип күрөшүү» аттуу маалыматында Түркиянын биримдик жана ынтымагын бутага алган бөлүүчү террор уюму ПККга карай каршы чыгуулар көчкүдөй чоңоюп баратканын жазган.
Гезит күчөгөн террор окуяларына каршы миңдеген жаран ыктыярдуу аскерлик үчүн аскердик кеңселерге чубаса, өлкөнүн жалпысында террорго каршылык көрсөтүү үчүн миңдеген киши көчөлөргө чыкканын, бир топ муниципалитет уюштуруп жаткан иш-чараларын жоюп, көңүл ачуучу борборлордун ээлери да биргелеше чечим чыгарып көңүл ачуучу жайларын жапкандарын маалымдаган.
«Хабер түрк» гезити «Түрктөр Дубайга батпай калды» деген маалыматында дүйнөнүн алдыңкы кыймылсыз мүлк жарманкелеринин арасында орун алган жана быйыл 14-жолу уюштурулуп жаткан Дубайдагы «Cityscape Global 2015» жарманкесине түрк курулуш фирмалары тамгасын бастырганын белгилеген.
Гезит жаманкеде өткөн жылы 31 болгон түрк фирмасынын саны быйыл 61ге жеткенин, түрктөрдүн кызуу катышуусунан улам жарманкеге дагы бир чоң зал кошулуп жалпы аянт 40 миң чарчы метрден ашканын, 30 өлкөдөн 300 катышуучу орун алган жарманкеде Түркия, уюштуруучу Бириккен Араб Эмирликтеринен кийин эң көп өкүлдүк кылынган өлкө болгонун жазган.
«Ватан» гезитинде жарык көргөн «51 өлкөдөн саламаттык сактоо кызматкери келе жатат» деген макалада Түркиянын саламаттык сактоо сектору дүйнөнүн төрт тарабынан келе турган саламаттык сактоо кызматкерлерин Стамбул Health Expoдо тосуп алаары орун алган.
Гезит арасында министр, кеңешчи жана жогорку башкаруучулар да орун алган 51 өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү Стамбулга келишип, 21-23-октябрь күндөрүндө CNR EXPO Йешилкөйдө боло турган жарманкеде Улуу Британия, Франция, Сауд Арабия, Ирак, Катар, Иран, Испания, Италия, Швейцария, Алжир, Тунис, Египет, Эфиопия, Марокко сыяктуу өлкөлөрдүн өкүлдөрү кеңири катышаарын баяндаган.
«Миллийет» гезити «Алгачкы жылы эле эң мыкты шаардык мейманкана болуп тандалды» деген маалыматында дүйнөнүн туризм оскарлары катары көрсөтүлгөн «World Travel Awards-2015» ээлери жарыяланганын баяндаган.
Гезит Хилтон Стамбул Козятагы Түркиянын эң мыкты шаардык мейманканасы болуп тандалганын, 2014-жылдын сентябрь айында каалгаларын ачкан Хилтон Козятагы, тейлөө сапатында кынтыксыздык, кардар күтүүлөрүнөн жогору тейлөө түшүнүгү жана ийне жибине чейин тейлөө мамилеси менен алдыңкы планга чыкканын, бул мейманкана туризм профессионалдарынын жана мейманкана конокторунун добуш берүүсү менен сыйлыкка ылайык көрүлгөнүн маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар