Түрк басма сөзү-6.09.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

375318
Түрк басма сөзү-6.09.2015

«Сабах» гезити «Давутоглу: өсүүдөн ар ким үлүшүн алышы керек» деген маалыматында премьер-министр Ахмет Давутоглу Түркиянын Чоң жыйырмалыктын (G20) кезектешкен төрагалыгында аз кирешелүү өлкөлөрдүн да келечекке карай глобалдык экономика пландоосу менен орун ала турганын белгилегенин жазган.
Гезит Давутоглунун өнүгүп бараткан өлкөлөрдө жаш жумуш күчүн алдыңкы планга чыгара тургандарын, глоаблдык өсүүдөн бардык өлкөлөр бирдей өлчөмдө үлүш алышы керектигин баса белгилегенин баяндаган.
«Стар» гезити «Эл баш көтөрдү, ПКК бушайман болду» аттуу маалыматында террор уюму ПКК «укуктарыңарды жактоодобуз» деп аймак калкын жооткотуп келгенин жазып чыкты.
Гезит ал эми аймак калкынын эң чоң социалдык жана экономикалык пайда табуулары террор уюуму тарабынан жок кылынганын, террордун чыныгы жабырлануучусу болгон аймак калкы ПККга каршы козголоң баштады жана «жетет» дегенин, дүрбөлөңгө түшкөн ПККлык террористтердин базаларынан «элдин жаагын жапкыла, керек болсо аткыла» деген буйрук берилгенин, эки ПККнын мылтыктары жаран калкты бутага алганын, аймакты өкүлдүк кылган 120 уруунун башчысы террор уюмуна «жетет эми өлкөбүздү таштап кеткиле» деген буйрук бергенин баяндаган.
«Йени шафак» гезити «3D Printshow Стамбулда» аттуу маалыматында үч өлчөмдүү (3D) принтерлер көп тармакта болгонундай эле автомобилде да ылдам кириш жасаганын белгилеген.
Гезит автомобиль фирмалары жаңы концепттеринин үлгүлөрүнүн прототиптерин дагы аз чыгым менен өндүрө баштаганын жазган. Гезит айрыкча автомобилдин кошумча тетик жана аппараттарынын өндүрүлүшүндө да үч өлчөмдүү принтерлерден пайдаланылганын, автомобиль секторунда жаңылык жараткан үч өлчөмдүү принтер технололгиялары 10-сентябрда Стамбулдагы ТҮЙАПта көргөзмөгө коюлаарын маалымдаган.
«Хабер түрк» гезитинде жарык көргөн «Жаңы тренд: solowheel» аттуу маалыматта Стамбулдун көчөлөрүндө дөңгөлөктүн үстүндө жол тарткандардын саны барган сайын көбөйгөнүн жазган.
Анда бир дөңгөлөктүү «solowheel» деп аталган велосипеддин салмагы 11 кг, ташыган салмагы болсо 130 кг, жөө жүргөндөр үчүн тарнспортто жеңилдикти камсыздаган велосипед, электрдүү аккумулятор менен иштейт жана 2 сааттай жол жүрө алаары орун алган. Solowheel 25 км ылдамдык менен жүрөт. Бул транспорт унаасы менен эми Стамулдун табигый жана тарыхый кооздуктарын ылдам кыдырууга болот.
«Ватан» гезити «Жаш демилгечилер саммити башталууда» деген маалыматында Жаш демилгечилер альянсы саммити Стамбул конгресс борборунда 7-9-сентябрдын арасында өтөөрүн билдирген.
Гезит саммит демилгечилик темасында лидерлик кылган ысымдарды жолугуштуруп, атактуу кишилер демилгечилик темасында сөз сүйлөп, жаштарга жол көрсөтөөрүн баяндаган.
«Миллийет» гезити «Гарибалди имаратында Византия калдыктары» деген маалыматында Стамбулдун көздөлгөн туризм борборлорунан Истиклал көчөсүндөгү тарыхый Гарибалди имаратында 1 жыл мурда башталган рестоврация иштери аяктатап калганын белгилеген.
Гезит Рим жана Византия дооруна таандык көрүстөн бөлүкчөлөрү менен көп сандаган калдык чыгарылган казуу иштеринде эң акырында Византия дооруна таандык металл акчалар менен металл крест табылганын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар