Түрк басма сөзү-2.09.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

373533
Түрк басма сөзү-2.09.2015

«Стар» гезити «Экспортто оңолуу башталды, сентябрда жогорулоо күтүлүүдө» аттуу макаласында экспортто август айынан баштап 5 пайыздык өсүү камсыздалганын белгилеген.
Гезит эң жогорку экспорт автомобиль секторунда болгонун, август айында эң көп экспорт жасалган беш өлкө Германия, Англия, Ирак, АКШ жана Франция болгонун, сентябрь айында болсо кошумча наркы жогору товарлардын экспортуна басым жасалаарын маалымдаган.
«Йени шафак» гезити «Эл аралык халал туризм конференциясы 1-декабрда Стамбулда» деген маалыматында 1,5 миллиард калктан ашкан жана 7 материкке жайылган Ислам дүйнөсүнүн туризм иш-чарасы жагынан акыркы жылдарда концептке ылайык халал туризм сигменти алдыңкы планга чыккканын жазган.
Гезит ислам өлкөлөрүнөн келген туристтердин эс алуу жана көңүл ачуу талаптары, туризм секторун кыймылга өткөргөнүн, халал туризмдин глобалдык экономиканын ичиндеги үлүшү жылдык 14 пайыз өсүү көрсөткөнүн маалымдаган. Түркия халал туризм темасында чоң потенциалга эгедер өлкө.
«Ватан» гезитинде жарык көргөн «Жер Ортолук деңизде мызукалык шаң-шапат» аттуу маалыматында Манавгатта 10-сентябрадан 18-сентябрга чейин улана турган «Сиде Дүйнө музыкалары фестивалы» дүйнөгө таанымал жылдыздарды тосо турганы орун алган. Анда фестиваль Ладино музыкасынын королевасы Ясмин Леви концерти менен баштала турганы, фестивалдын дагы бир жылдызы Балкан музыкасынын устаты Шантель болоору баяндалган.
«Хабер түрк» гезити «Жаныбарларды сүйүүчүлөр ушул жарманкеде» деген маалыматында Эл аралык үй жаныбарлары жана товар, материал камсыздоочулары жарманкеси айбанаттарды сүйүүчүлөргө толгон 4 күндү тартуулай турганын баяндаган.
Стамбулдагы Йешилкөйдө 8 миң чарчы метрдик жарманке аянтында 120 марка катышаарын белгилеген гезит, жарманке убагында конокторду бир топ иш-чара күтүп турганын маалымдаган.
«Миллийет «гезити «Көйжегизде король көрүстөндөрү» аттуу маалыматында Мугланын Көйжегиз районунда тарыхый жар көрүстөндөрү туристтердин кызыгуусун тартканын жазган.
Гезит табият менен тарых аралашкан 2400 жылдык өткөнү болгон жар көрүстөндөрү кылдат сакталып жатканын, туристтер даражасы бийик кишилер үчүн тургузулган жар көрүстөндөрүндө эстеликке сүрөткө түшүп жаткандарын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар