Түрк басма сөзү-1.09.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

341848
Түрк басма сөзү-1.09.2015

«Стар» гезити «Глобалдык экономика Стамбулда жолугушууда» аттуу макаласында Стамбул финансы саммити 8-сентябрда башталаарын жазган.
Гезит эки күнгө созула турган саммитте экономикада жандануунун жолдору изделгенин жана АКШнын Борбордук банкы ФЕДдин таштай турган кадамдары күтүлгөн мезгилде маанилүү белгилерди бере турганын баяндаган.
«Сабах» гезити «Үчүнчү чейрек өсүүсү үчүн оң белги» деген маалыматында жылдын экинчи чейрегинде ички талапка жараша күчтөнгөн өсүү, үчүнчү чейректе да уланганын белгилеген.
Гезит өзгөчө автомобилде күчтөнгөн сатуулардын таасири менен тышкы соода сатык таңсыктыгы июль айында, март айынан бери алгач ирет жылдык көрсөткүчтө жогорулаганын маалымдаган.
«Йени шафак» гезити «Орусияга АСЕЛСАН чабуулу» аттуу маалыматында Орусияда уюштурулган Эл аралык авиация жана космостук жарманкеде АСЕЛСАНга кызыгуу абдан көп болгонун белгилеген.
Гезит 50 өлкөгө экспорт жасаган АСЕЛСАН жарманкеде Орусиянын Рособоронэкспорт фирмасы менен үчүнчү өлкөлөргө сатуу жүргүзүү темасында келишимге жетишкенин маалымдаган. АСЕЛСАНдын максаты дүйнөдө алдыңкы 50нүн арасына кирүү болуп эсептелет.
«Хабер түрк» гезити «Биржа Стамбул жана Дубайдын эркин экономикалык зонасынын башкаруучулугу сооданы көбөйтөт» деген маалыматында Дубайдын эркин экономикалык зонасынын башкаруучулугу менен Биржа Стамбул, эки тараптуу соода карым-катнаштарын өнүктүрүү үчүн макулдашуу келишимине кол койгонун белгилеген.
Гезит тараптардын эки тараптуу соода иштерин илгерилетүү жана базар катышуучулары үчүн кошумча нарктуу мүчөлүк кызматтарын өнүктүрүү максатында кызматташууну көздөгөн меморандумга кол коюу аземи, Дубайдын эркин экономикалык зонасынын башкаруучулугунда өткөнүн баяндаган.
«Ватан» гезити «Түрк учкучтун чоң ийгилиги» деген маалыматында АКШда орун алган НАТОнун авиация окуу жайында учуу билимин алган түрк согуштук учак учкучу лейтенант Бугра Балдан, үч тармакта биринчиликти алып бардык сыйлыктарды жеңип алганын маалымдаган.
Анда Бугра Балдандын 2015-жылдын 14-августунда АКШдагы Laughlin аба базасында уюштурулган аземде бүтүрүүчү катары учкуч белгисин такканын, Түрк аба жолдору тарабынан 2012-жылдан бери жыл сайын 6 түрк учкуч талапкери Euro-NATO Joint Jet Pilot Training Program алкагында АКШга учуу билимин алыш үчүн жөнөтүлгөнү орун алган.
«Хүррийет» гезити «Даңазалуу доор көргөзмөсү Катарда» аттуу маалыматында 60тан ашуун өлкөдө эфирге берилген «Даңазалуу доордун» Стамбулда ачылган көргөзмөсү эми чет өлкөгө бара жатканын жазган. Гезит көргөзмөнүн бир бөлүмү Катарда сериалдын көрүүчүлөрүнүн назарына сунушталарын, 16-сентябрдан 12-декабрга чейин уланаарын маалымдаган.
«Миллийет» гезити «Венеция фильм фестивалы эртең башталат» деген маалыматында быйылкы Венециянын өзгөчөлүгү болгонун, Түркиянын өкүлдүк катары эң күчтүү жылы болгонун, Эмин Алпердин «Блокада» аттуу тасмасы фестивалда чоң сыйлык Алтын Арстан үчүн жарышкан 21 тасманын арасына киргенин, башкы жарышка баа бере турган калыстар тобунда Нури Билге Жейлан да орун алганын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар