Түрк басма сөзү 31.08.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

372258
Түрк басма сөзү 31.08.2015


«Хабер түрк» гезити «Сирия чек арасына 203 миллион лиралык коопсуздук дубалы» деген макаласында каржы министри Мехмет Шимшектин Сирия чек арасындагы коопсуздукту күчөтө турган «Чек ара коопсуздугу системасын» түзүү үчүн Улуттук коргоо министрлигине 203 миллион лиралык төлөм төлөгөндөрүн билдиргенин жазган. Гезиттин кабарында Түркия өзгөчө Сирия чек арасына карай чара көрүүлөрүн барган сайын күчөтүп жатканы белгиленген. Аты аталган кошумча чара көрүүлөрдүн негизинде акыркы 1 жарым жылда чек аралардан мыйзамсыз өтүүлөргө чоң өлчөмдө бөгөт коюлду. Буларга кошумча түрдө «Чек ара коопсуздугу системасы» долбоору да ишке ашты. Бул система аркылуу Сирия чек арасынын күнү-түнү көзөмөлдөнүшү, чек арадан мыйзамсыз өтүүлөргө бөгөт коюлушу жана кылмышкерлердин чек арадан өткөрүлбөшү максатталууда.

«Йени шафак» гезити «Эрдогандын эскертүүсү 2 миллиард киреше алып келди» деген маалыматында интернет базасын дүйнөлүк база менен бирдей абалга жеткире турган 4.5G тендеринен Түркиянын пайда тапканын жазган. Президент Режеп Таййип Эрдогандын 4.5G менен убакытты көп коротпой 5Gге өтөлү деген эскертүүсүнүн негизинде мамлекеттин кирешеси 2 миллиард лира көбөйгөн болду. Ушундайча казынанын кирешеси 11.3 миллиард лирадан 13.2 миллиард лирага жогорулады.

«Стар» гезити «Сауд Арабиянын королдук үй-бүлөсүнөн өнөктөштүк талабы» деген макаласында дүйнөдөгү эң ири 250 курулуш фирмасынын тизмесинде 18-орунда турган «Өзтүрк» курулуш компаниясынын эми шаар пландоо долбоорлоруна басым жасап жатканын жазган. Өзтүрк Холдингдин башкаруу кеңешинин төрагасы Юсуф Өзтүрк, Сауд Арабиянын королдук үй-бүлөсүнөн өнөктөштүк талабы айтылганын белгилеп: «Шаар пландоо боюнча биргелеше иш алпарабыз»,-деди.

«Миллийет» гезити «Нью-Йорк Таймс Анадолу жакасын кыдырды» деген макаласында АКШда жарыяланган «Нью Йорк Таймс» гезити Стамбулдун Анадолу жакасында өткөргөн 36 сааттык саякатын баяндап бергенин жазган. Гезит Стамбулду Түркиянын маданий борбор шаары деп аныктап, Анадолу жакасын болсо мактоого арзырлык экенин жазды. Анадолу жакасынын дагы да таза, айлана-чөйрөсү жапжашыл экенин баса белгилеген гезит, маданияттуу жашоо тиричилиги жана даамдуу тамактары тартууланган ресторандарга көңүл бурду. Анадолу жакасында барылышы керек болгон жерлер да жазылган тизмеде Бейлербейи сарайында «Барыш Манчо» музейинде көптөгөн альтернатива орун алууда.

«Сабах» гезити «Атактуу фотосүрөтчүлөр Бурсада жолугушат» деген маалыматында «Көч» темасы менен быйыл бешинчиси уюштурула турган Эл аралык Бурса фотосүрөт фестивалы 24-28-октябрь күндөрүнүн аралыгында Бурсада өтө турганын билдирген. Фестивалга Патрик Захман, Ариана Линдквист, Эрдал Күпели жана Ибрахим Демирел сыяктуу атактуу фотосүрөтчүлөр катышмакчы.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар