Түрк басма сөзү-26.08.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

369737
Түрк басма сөзү-26.08.2015

«Хүррийет» гезити «4,5 G менен мамлекеттин кассасына эң аз 9,2 миллиард лира кирет» аттуу макаласында президент Эрдогандын, «4 G менен эч убакыт коротпойлук. 3 G менен дагы 2 жыл чыдасак, 5 G га өтөбүз» деген сөздөрүнөн кийин, 3 ай кечеңдетилип 4 G нын ордуна 4,5 G атын алган жыштык тендери бүгүн өткөрүлүп жатканын жазган.
Гезит эң аз 2,7 миллиард евролук (9,2 миллиард лиралык) баага жетиши күтүлгөн тендердин, 20 башка пакет менен толук бир күн уланышы күтүлгөнүн маалымдаган.
«Ватан» гезити «Жарандардын баасы «жакшы» чыкты» деген маалыматында Түркиянын алдыңкы 9 банкынын өнөктөштүгү менен курулган Насыя каттоо кеңсеси алгач ирет түрк калкынын насыя рейтинг баа орточосун жарыялаганын белгилеген.
Гезит атуулдардын баасы 1900дан 1450, башкача айтканда насыя рейтинг баасы жакшы болгонун маалымдаган.
Ошол эле «Ватан» гезитинде жарык көргөн «Казыначылардын көмгөн байлыгы 12 жылдан кийин жарыкка чыкты» деген макалада Денизлидеги Лаодакия байыркы шаарында токуу теңири Афина жана Рим теңири Янустун башы топрактын 10 см астынан табылганы орун алган. Анда айкел баштарын тарыхый чыгарма уурдоочулардын кийин алуу үчүн көмгөндөрү божомолдонгон.
«Стар» гезити «Түркчө-Арапча котормого миллиондук сыйлык» деген маалыматында мурдагы Катар эмири Шейх Хамаддын атынан 1 миллион доллардык эл аралык котормо чыгармасынын сынагы өткөрүлгөнүн баяндаган.
Гезит быйыл бериле турган сыйлык үчүн, социалдык жана гуманитардык тармакта жарыяланган түркчө жана арапча котормо чыгармалар жарышаарын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар