Түрк басма сөзү 22. 08. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

338439
Түрк басма сөзү 22. 08. 2015

«Йени шафак» гезити «Капитал Түркияга келип жатат» деген маалыматында өнүккөн базарларда 13 айда 1, 17 триллион долларлык капитал чыгышы болгонун жазган. Түркия болсо бул мезгилде капитал тартууну улантты, борбору Лондон болгон CrossBorder Capitalдын директору Howell капиталдын кызыктуу түрдө Түркияга карай агып жатканын айтты. Howell өткөн 13 айлык мезгилде Түркияга 34 миллиард долларга жакын так капиталдын киришин мактоо менен сөз кылды.
«Хабер түрк» гезити «43 түрк курулуш инженери кирешесин 43 пайызга өстүрдү» деген маалыматында эл аралык курулуш секторунун журналы ENR жыл сайын билдирген «Дүйнөнүн эң чоң 250 эл аралык курулуш инженери» тизмесинде түрк фирмалары дагы экинчи болгонун жазган. Тизмеге Түркиядан 43 фирма кирген.
Ирак жана Ливия базарындагы маселелер жана Орусиядагы рецессияга карабастан түрк ишкерлери киршесин 43 пайызга өстүрүп 29 миллон долларга жетти.
«Сабах» гезити «Москвага абдан кооз мечит» деген маалыматында түрк фирмасы тарабынан Москвада курулушу улантылып жаткан, 10 миң кишиге кызмат кыла турган Борбордук мечит 23 - сентябрь курман айт майрамында азем менен ачыларын жазган. Көркөмдүү мечиттин ачылышына Орусиянын президенти Путин менен президент Эрдоган да катышат. 1905 - жылы курулган мечит кулатылып ордуна курулган Борбордук мечиттин курулушу 2014 - жылы түрк фирмасы «Монартка» өткөрүлүп берилген.
«Ватан» гезити «7 айда 40 миң жаңы фирма курулду» деген макаласында курулган фирма саны июль айында өткөн жылдын ушул эле айына караганда 8, 94 пайызга өсүп 4 миң 705 ке жеткен, жабылган фирма саны болсо 3, 54 пайызга азайып 873кө артка чегинди. Түркия кабинеттер жана биржалар биримдиги ТОББдун маалыматына караганда курулган фирма жана кооператив саны январь - июль айларында 40 миң 385 болуп ишке ашты.
«Стар» гезити «3 миң 600 кадам подиум» деген маалыматында белгилүү маникен Түлин Шахиндин 4 - Лалели Fashion Shopping фестивалынын негизинде даярдала турган 300 метрдик подиумда рекордго жетет. Түлин Шахин 3 миң 600 кадам таштайт. Дефильени чет элдик телекөрсөтүүсү да эфирге чыгарарын жазган.
«Хүррийет» гезити «Римди учурат» деген маалыматында Барселона, Manchester United жана Borussia Dortmund сыяктуу дүйнөлүк командаларга спонсор болгон түрк аба жолдорунун эми Италиянын тектүү клубдарынан Римге спонсор болорун билдирген. Италия басма сөзү улуттук футболчу Салих Учан форма кийген Римге спонсорлук тууралуу түрк аба жолдору менен жылдык 7 миллион еврого келишим түзгөнүн жарыялаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар