Түрк басма сөзү 21. 08. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

337142
Түрк басма сөзү 21. 08. 2015

«Хабер түрк» гезити «Түштүк Мьянманын электриги түндүккө деңизден ташылат. Стамбулдун электриги биринчи жолу Босфордон келет» деген макаласында Стамбул үчүн альтернатив энергетика жолун кура турган чоң проектинин акырына келгенин жазган. Чанаккале кысыгынан деңиз астына курулган жол менен Түштүк Мьянмадагы станцияларда өндүрүлгөн электр Чанаккале кысыгынан өтүп ринг менен Икителлиге келет. Биринчи электр келерки жумада системага берилет.
«Сабах» гезити «Түрк ишкеринен сирялык балдарга 20 миллион доллар» деген маалыматында түрк ишкери Сезгин Баран Коркмаздын борбору Вашингтон болгон Эл аралык жардам аттуу мекемеге өткөн жумада сириялык балдар үчүн 20 миллион долларлык багыш бергени ортого чыкканын жазган. 5 жылга жакын убакыттын ичинде мектеп тургузуу, саламаттык сактоо комплекстерин куруу жана башка гуманитардык жардам үчүн каржала турган акчанын олуттуу социалдык таасир жаратуусу күтүлүүдө.
«Йени шафак» гезити «Газиантептик ишкерлер Иран жолунда» деген маалыматында газинатептик ишкерлер альтернатив базар издөөнү улантып жатышканын жазган. Ачылбаган базар деп билинген жана жоюлган эмбаргодон улам бүткүл дүйнөнүн көңүлүн бурган Иранга багыт алган ишкерлер Газиантеп соода кабинетинин жол башчылыгында Тегеранда офис куруу үчүн аракетке өттү.
«Стар» гезити «Түрк агымында топ Орусиянын аянтында» деген маалыматында орус жаратылыш газын Европага алып бара туган Түрк агымы проектисинде топ Орусиянын аянтында турат. Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыз «Түрк агымынын аткарылуусу тууралуу абдан туура ойлоп жатабыз. Түркия катары Түрк агымын кечиктирген тарап болбойбуз»,- деди.
«Стар» гезити «Гөктүрк – 1 спутнигине жергиликтүү камера системасы» деген макаласында Түркия глобалдык өлчөмдө экономикалык жана аскердик жактан үстөмдүктү көрсөткөн спутниктерге ээ болуу үчүн бир топ эмгектерди баштаганын жазган. Ушуга караганда транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министрлиги жергиликтүү спутник камерасын чыгаруу үчүн аракетке өттү. Ушундайча байкоочу технологияларында өлкө тышына карата көз карандылык болбойт.
«Миллийет» гезити «Ханутчуларга карата ыктыярдуу элчилер» деген маалыматында бул жылы алтынчысы ишке ашкан «Ыктыярдуу туризм элчилери» проектиси 15 – 25 - жаш арасындагы окуучулардын тарыхый жарым аралга келген туристтерге жардам берүүнү максат кылганын жазган. Туризм элчилери проектисине жардам берген жаштардын саны 430. Проектинин негизинде эң аз бир тил билген 15 – 25 жаштагы жана көпчүлүгү лицей окуучулары болгон катышуучулар туристтерге жардам беришүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар