Түрк басма сөзү-19.08.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

333827
Түрк басма сөзү-19.08.2015

«Сабах» гезити «Эрдоган: 2 айлык өкмөт менен шайлоого барабыз» аттуу макаласында президент Эрдогандын президенттик дастарконунда тоскон жазуучу жана тарыхчыларга жаңы процессти түшүндүргөнүн жазган.
Гезит Жумурият элдик партиясынын жетекчиси Кемал Кылычдароглун өкмөт куроо үчүн милдеттендирбей турганын белгилеген президенттин, «2 ай иштей турган өкмөт менен мөөнөтүнөн мурда шайлоого барылат» дегенин баяндаган. Анда Эрдогандын 23-августтан кийин Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Ахмет Давутоглун убактылуу өкмөттү куроосу үчүн милдеттендириши күтүлгөнү орун алган.
«Стар» гезити «Экспорт 7 айлык төмөндөөдөн кийин багытын бурду» деген маалыматында экспорт 7 айдан бери төмөндөп келип быйыл алгач ирет 17-августтан баштап 5 пайыздык жогорулоо көрсөткөнүн белгилеген.
Гезит эң чоң экспорт базары болгон Европа Биримдигине экспорт 4 пайыз, Түндүк Америкага 7, Жакынкы Чыгышка болсо 16 пайыз өсүү көрсөткөнүн маалымдаган.
«Йени шафак» гезитинде жарык көргөн «Валютанын жогорулоосу чайкоочулук» аттуу макалада экономика министри Нихат Зейбекчинин доллардагы жогорулоонун толугу менен чайкоочулук болгонун айтканы орун алган.
Гезит Зейбекчинин, «Валюта курсунун кыймылынан өз көмөчүнө күл тарткандар бар. Пайыз жогорулатылышы керек деп экономиканын атынан кыйынсынуу, Түркияга жакшылык алып келбейт»-дегенин баяндаган. Анда Зейбекчи экономика менен финансы жана акча базарларынын башка нерселер болгонун белгилеп өттү.
«Хабер түрк» гезити «Түрк фирмасы жинсы кездеме өндүрүшүнө багыт берет» деген макаласында Түркиянын алдыңкы жинсы кездемесин өндүрүүчү, экспортчу бир фирмасы, дүйнө жаштары жактырган жинсы моделдерин жана ыктоосун социалдык медиа тармагынан билип алып өндүрүш үчүн IBM менен келишим түзгөнүн маалымдаган. Анда IBM, фейсбук жана твиттер менен түзгөн келишимдин алкагында социалдык медиа тармагын иликтөө жасайт жана дүйнөдөгү жинсы тренддери менен жаштар жактырган моделдерди белгилемекчи. Жинсы ыктоосу тууралуу бөлүшүү жасалганда, тийиштүү фирма ал баракка рекламасын бере алат.
«Миллийет» гезити «Түркия Индиядан турист тартыш үчүн аракет кыла баштады» деген маалыматында Түрк саякат агенттиктери биримдиги жана Түрк аба жолдору октябрь айында Индиянын эки чоң шаарында туризм семинарын уюштура турганын маалымдаган.
Гезит семинарда Түркиянын табигый, тарыхый жана маданий байлыктары түшүндүрүлө турганын жана акыркы жылдарда экономикалык өсүүсү болгон индиялыктардын чет өлкөлөргө саякаттарында да өсүү көрүнгөнүн белгилегенин жазган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар