Түрк басма сөзү 17.08.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

330738
Түрк басма сөзү 17.08.2015


«Йени шафак» гезити «Банктардын так кирешеси» деген макаласында Стамбул биржасындагы эсеп-кысап банктарынын жылдын биринчи жарымындагы так кирешеси 4,76 пайыздык өсүү менен 8 миллирд 946 миллион лирага жеткенин жазган. Жалпы активдүү эсеби да 10,7 пайыздык өсүү менен 1 триллон 472 миллиард лирага жетти. Ал эми эң көп киреше Иш банкына түштү.

«Стар» гезити «Түрк аба жолдору 6 айда 1 миллиард лиралык киреше тапты» деген маалыматында 2015-жылы бешинчи жолу Европанын эң мыкты авикомпаниясы болуп тандалган Түрк аба жолдору, жылдын биринчи 6 айында 12,3 миллиард лиралык сатуу кирешесине ээ болсо, 1 миллиард 35 миллион лиралык да так киреше тапканын жазган. Айрыкча жылдын биринчи жарымында жүргүнчүлөрдүн саны 10,1 пайыздык өсүү менен 77,8 пайызга жетти.

«Хүррийет» гезити «Аба мейкиндигинде техникалык өнөктөштүк» деген макаласында Түрк авиация жана космос агенттигинин 2013-жылы дүйнөдөгү эң чоң учак өндүрүүчүлөрүнүн бири болгон швециялык Сааб компаниясы менен техникалык өнөктөштүк келишимине кол койгонун билдирген.

«Хабер түрк» гезити «Үй сатып алган пенсионерге 2 жыл унаа жеңилдиги» деген макаласында пенсиага чыккандан кийин үй сатып алып, жайы-кышы Түркияда жашаган чет өлкөлүктөр үчүн унаа жеңилдиги киргизилгенин жазган. Өлкөлөрүнөн алып келген унааларын жылына бир жолу чет өлкөгө чыгарып туруу мажбурдуулугу, эки жылга өзгөртүлдү.

«Йени шафак» гезити «Керкүккө мобилдик китепкана ачылды» деген маалыматында Түркия Диянет Фондунун салымы менен Ирактын Керкүк шаарында мобилдик китепкана ачылганын жазган. Китепканада түркчө, арабча жана күртчө китептер бар.

«Миллийет» гезити «Түркиялык жаштар дүйнө чемпиону болду» деген маалыматында Түркиянын 16 жыл мурда таанышкан суу астында хоккей боюнча 23 жашка чейинки спортчулары чоң ийгиликке жетишкенин билдирген. Түрк жаштары Испанияда 23 жашка чейинки спортчулардын арасында өткөрүлгөн суу астында хоккей боюнча мелдеште биринчиликти алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар