Түрк басма сөзү-16.08.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

329391
Түрк басма сөзү-16.08.2015

«Хабер түрк» гезити «Түркия болбогондо ал мунай зат сатылмак эмес» аттуу макаласында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыз, Ирактын күрт аймактык башкаруусунан келген басма сөз делегациясына Түркия-Ирак карым-катнаштарын түшүндүргөнүн жана суроолорго жооп бергенин жазган.
Гезит энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыз Түндүк Ирак мунай затынын дүйнөлүк базарларга жеткирилиши үчүн Түркияга көз каранды болгонун айтканын баяндаган.
Гезит Ирактан Анкарага келген журналисттерди кабыл алган Йылдыздын, «Түркия болбогондо бул иш болмок эмес. Багдад бул ишке уруксат берген эмес. Бул иштин жолун ачкан Түркия болду»-деп айтканына орун берген.
«Стар» гезити «Ирандык фирмалар Түркияда инвестиция үчүн сабак алат» деген маалыматында түрк фирмалары Тегеранда инвестиция пландап жатканда ирандык ишкерлер да Түркия үчүн кезекке турганын маалымдаган.
Гезит ирандык демилгечилерге Түркиядагы инвестиция мүмкүнчүлүктөрү түшүндүрүлөөрүн белгилеген. Гезит Иранда иш алып барган жалгыз чет өлкөлүк текшерүүчү фирма болгон Гүнжел көз карандысыз текшерүү, кеңешчилик жана ЙММ менен Иран мамлекетинин мекемеси болгон Индустриалдык башкаруу институту эки тараптуу инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн түшүндүрүү темасында кызматташтык келишимине кол койгонун баяндаган.
Гезит Тегеранда 8-9-октябрда боло турган жыйналыш үчүн басма сөз жолу менен жарыя кылынган Ирандын индустриалдык башкаруусуна эмитеден көп талап келе баштаганын белгилеген.
«Ватан» гезитинде жарык көргөн «Тоннелде акыркы 75 метр» деген макалада «Евроазия тоннели» долбоорунда (Стамбулдун Босфор кысыгынан автожолу өткөөлү) тарыхый күнгө жакындап калганы билдирилген.
Гезит транспорт, деңиз иштери жана коммуникация министри Феридун Билгиндин тоннель ачуучу машина деп аталган машина менен деңиз астында тешилип жаткан тоннелдин 2014-жылы 19-апрелде Азия жээгинен башталган казуу иштеринин ушул айдын акырына чейин Европа жээгинде аяктай турганын айтканын маалымдаган.
Анда долбоор үчүн атайын өнүктүрүлгөн жана Стамбулдун Босфор кысыгынын астында 3344 километрдик жолду казып илгерилеп бараткан тоннель казуучу машина менен эки материк деңиздин астынан кошулган болоору белгиленген.
«Йени шафак» гезити «Ризе-Артвин аэропортунун бургулоо иштери аяктады» аттуу макалада Чыгыш Кара деңизди дүйнөгө кошо турган жана Түркиянын деңиздин үстүнө салынган алгачкы аэропорту болгон Орду-Гиресун аэропортунан кийин Түркиянын жана Европанын деңиз толтурулуп салына турган экинчи аэропорту болуу өзгөчөлүгүнө ээ болгон Ризе-Артвин аэропортунун жол тилкесин казуу иштери аяктаганын белгиледи.
Гезит геология инженери Оркан Тамер Ярымдын журналисттерге берген маалыматында Пазар районунун Йешилкөй айылы менен Кыз Кулеси жергесинин арасында 4,5 километрдик деңиз толтурулуп салынышы пландалган Ризе-Артвин аэропортунун деңизди толтуруу жана геотехникалык отчет даярдалышы менен гидрографиялык жана океанографиялык изилдөө үчүн бургулоо иштери уланып жатканын билдиргенин маалымдаган.
«Сабах» гезити «Чоң жыйырмалыктан (G20) Белекке 40 миллион евро» аттуу маалыматында дүйнөлүк лидерлерди Антальяда жолугуштура турган Чоң жыйырмалыктын саммит даярдыктары толук ылдамдык менен башталганын билдирген.
Гезит 15-16-ноябрь күндөрүндө Белекте боло турган саммитке 15 миң киши катышуусу күтүлгөнүн белгилеген.
Гезит анда Белекте 17 мейманкана даярдалып жатканын, аккредитация 17-сентябрда башталаарын, андан кийин Белекте куш учурулбай турганын, мейманкана кызматкерлеринин кириш маалымат белгилерине карала турганын, аймак 87 камера менен байкалып, 7 жерге номер таануу системасы жайгаштырылышы пландалганын маалымдаган. Анда жыйналыштар өтүүчү жер Regnum Carya Otel болот. 15 миң киши катыша турган саммиттин аймакка 40 миллион евро алып келиши күтүлүүдө.
«Сабах» гезити «Леблебижи Хорхор Лондондо» аттуу маалыматта 1875-жылы Осмон операсы сахнага чыгарган легендарлуу опереттасы «Леблебежижи Хорхор Ага» алгач ирет Англиянын борбор калаасы Лондондо англис тилинде сахнага чыкканын баяндаган.
Гезит искусство режиссорлугун Мехмет Эрген кылган жана түрк мигранттар жыш жашаган Хакни районундагы Лондон Аркола театрында мурдагы күнү кечинде жана кечээ кечинде болгон опереттага чоң кызыгуу болгонун маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар