Түрк басма сөзү 15. 08.2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

328305
Түрк басма сөзү 15. 08.2015


«Йени шафак» гезити «Улуттук Кыймыл партиясына үч сунуш» деген макаласында Республикалык элдик партиясы ЖХП менен коалиция сүйлөшүүлөрүнөн жыйынтык чыгара албаган премьер – министр Ахмет Давутоглу дүйшөмбү күнү саат 14тө Улуттук кыймыл партиясы МХПнин лидери менен жолугушарын жазган. Давутоглу Бахчелиге 3 сунуш алып барат. ЖХПге алып барылган «чектүү коалиция» сунушу Бахчелиге да жасалат. Бахчели коалицияга жылуу карабаса азчылык өкмөтүнө колдоо берүүсүн суранат. Үчүнчү сунуш болсо «Азыркы учурдагы өкмөт менен шайлоого баралы» болот.
«Миллийет» гезити «Түркия электригинин 10 пайызы Гөйнүктөн» деген маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыз жергиликтүү булактардын саясында Түркиянын өлкө тышына төлөгөн экспорт фактурасын азайтарын белгилеп : «"Акча энергетиканын" Гөйнүк термикалык станциясынан мамлекет 20 жылда 1, 5 миллиард лира табат. Бул курулуш менен жыл сайын өлкө тышына 100 миллион долларга жакын дагы аз акча беребиз»,- деди.
«Стар» гезити «ДЕИК Грузия менен соода карым – катнаштары күчтөнөт» деген маалыматында Тышкы экономикалык карым – катнаштар кеңеши ДЕИКтин башкаруу кеңешинин төрагасы Жихад Вардан Тбилиси элчиси Зеки Левент Гүмрүкчү жана коштоосундагы делегация Грузиянын айыл – чарба министри Отар Данелиа тарабынан кабыл алынганын билдирген. Грузия менен Түркиянын ортосундагы соода жана экономикалык карым – катнашта менен дыйканчылык потенциалдарынын өнүктүрүлүшү темалары каралган жыйында Данелиа экспорт тууралуу жаңы базарлардын изилденүүсү үчүн олуттуу өнүгүүнүн болгонун, Грузияда акыркы жылдарда дыйканчылыкка колдоо максатында оң жана маанилүү кадамдардын ташталганын айтты. ДЕИКтин төрагасы Вардан да эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүк түзүлгөн иштердин көбөйтүлүүсү үчүн бул жылдын ичинде Түркияда жыйын өткөрүлө аларын белгиледи. Вардан Грузияда бал тууралуу бир стандарт борбордун түзүлүшү тууралуу иштердин аткарылганын айтты.
«Хүррийет» гезити «Америкалыктар Түркияда чоң фирмага өнөктөш болду» деген кабарында Goldman Sachsтын SOCAR Түркия менен өнөктөш болгонун жазган. SOCARдын Түркия төрагасы Кенан Явуз Goldman Sachsтын Түркиянын эң чоң инвестор фирмасы болгон SOCAR Түркиянын 13 пайыздык акциясына 1,3 миллиард доллар төлөп ээ болгонун билдирди.
«Ватан» гезити «45 жашында сүзүүнү үйрөнүп, 50 жашында Маншты ашып өттү» деген макаласында измирдик биохимия адиси Ренгин Бөрекчи абдан чоң ийгиликке кол койгонун жазган. Эки баланын энеси Ренгин Бөрекчи Манш деңизин сүзүп өткөн биринчи түрк аялдар командасында орун алып атын тарыхка жаздырды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар