Түрк басма сөзү-11.09.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

322473
Түрк басма сөзү-11.09.2015

«Стар» гезити «Түркиянын экономикасы дөө-шаалардын арасында» аттуу макаласында Түркиянын экономика жаатында дөө-шаалардын арасына киргенин эми бүткүл дүйнө кабыл алганын маалымдаган.
Гезит Сингапур борборлуу «Тне Strait Times» гезитинин Европа боюнча редактору Жонатан Эяль Түркиянын акыркы жылдарда глобалдык актер катары дүйнө сахнасына чыкканын жазганын баяндаган.
Гезит Эяль 10 жылда Түркиянын улуттук дүң продукциясын 303 миллиард доллардан 820 миллиард доллар деңгээлине көтөргөнүн жана дүйнөнүн 17-чоң экономикасынын арасына киргенин жазган. Макалада 15 миңден ашуун түрк фирмасынын дүйнөлүк базарда иш алып барганы баса белгиленди.
«Йени шафак» гезити «Экспорт рекорду» аттуу маалыматында үстүбүздөгү жылдын 7 айлык мезгилинде бут кийим экспорту 427,5 миллион долларга жеткенин жазган.
Гезит Иран менен катар Нидерландия жана Бириккен Араб Эмиликтеринде экспортто рекордго жетишилгенин белгилеп, Нидерландияга 197 пайыз, Бириккен Араб Эмирликтерине 157,4 пайыз, Иранга болсо 11 пайыз өсүү болгонун маалымдаган. Гезит Иракка жасалган бут кийим экспортунда да чоң өсүү болгонун белгилеген.
«Ватан» гезити «Экинчиси Ризе-Артвин үчүн салынууда» деген маалыматында Түркияда деңизди толтуруу ыкмасы менен курула турган экинчи аэропорт болуучу Ризе-Артвин аэропорту үчүн 3 миң 200 метр узундуктагы негизги пайдубалдын бургулоо иштери аяктаганын жазган. Анда жээктен 1 км алыста курула турган жол тилкеси үчүн 32 метр тереңдик, 100 миллион тонна таш менен толтурулаары маалымдалган. Гезит аэропорт бүткөндө жылына 900 миң жүргүнчү ташыла турганын белгилеген.
«Сабах» гезитинде жарык көргөн «Түрк демилгечи китеп жууган машинка ойлоп тапты» аттуу макалада жылда 480 миллион китеп басылып чыккан Түркия, дүйнө лигасында алдыңкы 13 өлкөнүн арасында турганы, 1112 китепканада болсо 16 миллион китеп орун алганы белгиленген.
Гезит демилгечи Чагла Ажардын Түркиянын алгачкы китеп жууган машинкасын сатууга чыгарганын, «Book Shower» аттуу аппарат өзгөчө эски китептерде чаң басуу жана бактерия пайда болуусуна каршы 1-2 мүнөттүн ичинде жүз пайыз тазалоону камсыздай турганын маалымдаган.
«Хабер түрк» гезити «1800 жыл мурда жарымы салынбай калган ибадатканага рестоврация жасалат» аттуу маалыматында Мугланын Милас районундагы «Euromos» байыркы шаарында табылган «Zeus Lepsynos» ибадатканасынын оңдолушу үчүн иш-чара башталганын баяндаган.
Гезит 1800 жыл мурда экономикалык кризистин себебинен жарымы салынбай калганы божомолдонгон ибадатканада Түркия, Франция жана Италиядан 6 кишилик адис топ изилдөө жасап жаткандарын белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар