Түрк басма сөзү 8. 08. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

318477
Түрк басма сөзү 8. 08. 2015

«Хабер түрк» гезити премьер – министр Ахмет Давутоглунун президент Р. Т. Эрдогандан өкмөттү куруу милдетин алгандан бери 30 күндүн өткөнүн жазган. Мыйзам боюнча өкмөт калган 15 күндүн ичинде курулуусу керек. Коалиция сүйлөшүүлөрүнүн 30 күндө бүтпөшү менен ыктымалдуу болгон башка сценарийлер да күн тартибине келе баштады. Адилеттик жана өнүгүү партиясынын ыктымалдуу сценарийлеринин арасында колалиция, азчылык же азыркы учурдагы өкмөт же шайлоо өкмөтү менен шайлоого баруу, айрыкча президенттин кайрадан шайлоо өткөрүлүүсүнө чечим чыгаруусу бар.
«Стар» гезити «Түрк банктары Түндүк Иракка карай жолго чыгат» деген маалыматында өлкө тышында чоңоюну улантып жаткан түрк банктык сектору багытын коңшу өлкөлөргө бурганын жазган. Балкандар башта болуу менен Орто Азия өлкөлөрү жана Иранда өсүүнү пландаган финансылык мекемелер Иракка кайрадан багытын бурганын жазган. Өзгөчө Халкбанк, Зираат банк сыяктуу мамлекеттик банктар Түндүк Иракта филиал жана өкүлчүлүк ачуу иштери менен чоңоюну пландап жатат. Эрбилде кызмат кылган Вакыфбанктын да бул өлкөдө чоңоюну каалаганын билдирген.
«Ватан» гезити «Акыркы баскычка келинди» деген маалыматында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын 50 жылдык суусун камсыз кыла турган проектинин акырына келингенин белгилеген. Мерсиндеги Алакөпрү суу сактагычындагы сууну Түндүк Кипр Түрк Республикасына алып бара турган «Кылымдын проектисинин» 80 километрдик деңиз түтүгү бүткөрүлдү. 75 миллион метр куб суу 107 километрге төшөлгөн түтүктөр менен Кипрге жеткирилет.
«Миллийет» гезити «Түрк аба жолдорунан кичинекей Лиззиге спонсорлук» деген маалыматында абдан чоң спонсорлук келишимдерин түзгөн түрк аба жолдору оорусунан улам көрүү жөндөмдүүлүгүн жоготкон АКШнын Огайо провинциясында жашаган 5 жаштагы Элизабет «Лиззи» Майерс жана үй – бүлөсүнүн Рим саякатынын билетин камсыз кыларын белгилеген. Үй – бүлөсү көзү көрбөгөн Лиззи үчүн «көрүлө турган жерлер» тизмесин даярдаган. Түрк аба жолдорунун баш директору Тунжай Эмироглу кыздын үй – бүлөсү менен барып көрүүнү каалаган өлкөлөргө акысыз барып – келүү билетин берүүнү сунуш кылды. Лиззинин атасы Италиянын борбор шаары Римге барышарын белгиледи.
«Стар» гезити «Жер Ортолук деңизинен болобуз муну сезебиз» деген макаласында дүйнөгө белгилүү жаз өнөрпозу Буиканын алдыдагы күндөрдө Чанаккале жана Бодрумда концерт берерин жазган. 12 - августта Чанаккаледе, 18 - августта да туризмдин борбор шаары Бодрумда концерт бере турган испаниялык ырчы Түркияда сүйүлүүсүнүн себебин «Жер Ортолук деңиздик болобуз, муну баарыбыз сезебиз»,- деп билдирди.
«Йени шафак» гезити «Түркчө ФИФА 16 сүйүнчүсү» деген кабарында EA Sports ФИФА 16 футболдук оюнунун тексттерин түрк күйөрмандар үчүн биринчи жолу түркчөгө которорун жазган. Бардык Супер лига командаларынын оригиналдуу эмблема, форма жана кадры менен орун алган оюн 2015 - жылдын 24 - сентябрынан баштап базарга чыгат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар