Түрк басма сөзү 5. 08.2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

315334
Түрк басма сөзү  5. 08.2015

«Стар» гезити «Жаңы командир Хулуси Акар» деген макаласында Түрк Куралдуу Күчтөрүнүн жаңы командири белгилүү болгонун жазган. Башкы штабдын төрагалыгына Кургак жер күчтөрүнүн командири армиянын генералы Хулуси Акар дайындалды. Аба күчтөрүнүн командирлигине армиянын генералы Абидин Үнал, Кургак жер күчтөрүнүн командирлигине болсо Биринчи армиянын командири Салих Зеки Чолак дайындалды. Деңиз күчтөрүнүн командири армиянын адмиралы Бүлент Бостаноглунун кызмат мөөнөтү болсо бир жылга узартылды.
«Йени шафак» гезити «Акылдуу дары өндүрүү башталууда» деген макаласында Түркиянын эл аралык алгачкы биомедициналык жана геном борборунун 9 - сентябрда Измирде ачыларын жазган. Инвестициясы үчүн 150 миллион лира бюджет бөлүнгөн борбордо туберкулездон баштап температуралуу ооруларга, куш тумоосунан рак оорусуна чейин бир топ оорунун дарылануусунда колдонула турган акылдуу дарылар өндүрүлөт. Борбордун расмий түрдө 10 - сентябрда президент Р. Т. Эрдогандын ачуусу күтүлүүдө.
«Сабах» гезити «Кубалыктар менен Кайсериге дары заводу курулат» деген маалыматында жакындан иликтенген кубалык инвесторлордун багытын Түркияга бурганын, борбору Стамбулда болгон Hasbiotech дары менен Кайсериде биргелеше дары чыгаруучу завод курарын жазган. Кубалыктар гепатит С эмдөөсүн өндүрөт, Hasbiotechтин генералдык директору Сейфуллах Дагестналы заводдун пайдубалынын 2016 - жылдын биринчи жарымында түптөлөрүн, биринчи болуп 30 миллион лиралык комплекстин куруларын айтты. Дагестанлы : «Түркияда биринчи жолу молекуласын түзө турган оригинал дары чыгарабыз. Максатыбыз Кайсерини бул тармакта биотехнология борбору кылуу»,- деди.
«Миллийет» гезити «Манштан өткөн биринчи түрк майып сүзүүчү аял» деген маалыматында Стамбул мэрдигинин спорт клубунун сүзүүчүсү 47 жаштагы майып Чилем Челик 6 аял спортсменден турган түрк командасы менен Англия менен Франциянын ортосундагы Манш кысыгын сүзүп өткөнүн жазган. Челик бул ийгилиги менен Маншты сүзүп өткөн биринчи түрк майып аял болду. Челик жарыштын 16 саатка созулганын белгилеп : «Түрк аялынын күчүн көрсөтүү үчүн жарыштык»,- деди.
«Ватан» гезити «Алгачкы алкоголсуз круиз жүргүнчүлүгү» деген макаласында Түркиянын биринчи « консерватор» круиз кемеси 27 - сентябрда «Осмондуктун изи менен» аттуу проекти менен Измирдин Чешме портунан жолго чыгарын жазган. Проекти ээлеринин консерватор бөлүккө таандык болору белгиленип, жүргүнчүлүктүн Крит жана Родос аралдары, Пире Жиманы, Патра, тарыхый жерлер Превезе менен Инебахтыны камтыйт. Кеме 1 - октябрь эрте менен Чешме портуна кайтып келет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар