Түрк басма сөзү-3.08.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

312808
Түрк басма сөзү-3.08.2015

«Йени шафак» гезити «Мармара аймагы жаратылыш газ үчүн шымаланып киришүүдө» аттуу макаласында Мармара аймагында жаратылыш газдын табылышы жана бул резервдин өлкөнүн экономикасына кошулушу максатында Кыркларелиде жаңы жаратылыш газ кудугу ачыла турганын жазган.
Гезит жалпысы 112 күнгө созула турган иштерде 5 миң гектардык аянтта жаратылыш газ изделип, анда 28 киши иштей турганын маалымдаган.
«Ватан» гезити «Түркияда чыгуучу Тойота машинасы 50 миңдик рекордго баратат» аттуу маалыматында Тойота Түркия 2015-жыл үчүн белгилеген 42 миң дааналык сатуу максатын 50 миң даанага жогорулатканын маалымдаган. Анда жетечи Али Хайдар Бозкурттун «Жаңы королланын оң жүрүшү менен тарыхый» рекордго жетишебиз» дегени орун алган.
«Миллийет» гезити «Титанга жол ачкыла» деген маалыматында Дүйнөлүк ири маркалардын дөңгөлөк жана шина өндүрүшүндө жүгүн көтөргөн 502 миллион доллардык базар баасына ээ болгон АКШлык Титан тобу Түркияда инвестициясын кеңейтүү чечимин чыгарганын белгилеген.
«Ватан» гезитинде жарык көргөн «Химия боюнча дүйнө чемпиону» атту макалада Азербайжандын борбор калаасы Бакуда өткөрүлгөн 47-Эл аралык химия олимпиадасына катышкан Ялчындын алтын медалга ээ болгону орун алган. Анда Ялчындын кичине чагында телекөрсөтүүдөн көргөн спорт олимпиадаларында медаль уткандардын дүйнөгө таанылышынан таасир алып бир күнү Түркияны олимпиадаларда өкүлдүк кылуу чечимин чыгарганын түшүндүргөнүнө орун берилген.
«Сабах» гезити «Семиз жана кара кишилерге «Д» витамини дагы көбүрөөк керек» деген маалыматында «Д» витаминин кемдиги эң көп семиз, кара же улгайгандарда көрүнүүдө экенин баяндаган.
Гезит ак кишилердин күнүгө 15 мүнөт, кара кишилердин болсо күнүгө 30 мүнөт күн тийген жерде басуусу керектиги сунушталганын белгилеген. Анда биохимия адиси др. Кемал Назароглунун кемдиги бир топ ооруга себепчи болгон Д витамини туурасында айырмачылык түзүлүшү керектигин бергилегенин жазган.
«Стар» гезити «Акыркы кат Иерусалимде» аттуу кабарында Иерусалимде «1915-жылдын 18-мартындагы Чанаккале деңиз жеңиши» түшүндүрүлгөн «Акыркы кат» аттуу кино тасма көрсөтүлгөнүн белгилеген. Гезит бул көрсөтүүнү палестиналыктар абдан жактырышканын, Осмон армиясынын Чанаккале согушундагы жеңишин түшүндүргөн кино тасманын Иерусалимде көрсөтүлүшүнө абдан ыраазы болгондорун, мындай түрдөгү иш-чаралардын Палестина жана Түркияны бири-бирине жакындатканын сөз кылгандарын маалымдаган.
«Хүррийет» гезити «Венеция кино фестивалында жарышат» аттуу кино тасмада Мухаммет Узунер роль алган англис чыгарлышы «Light Years» аттуу кино тасмасы 2-12-сентябрдын арасында боло турган 72-Венеция кино фестивалында жарыша турганын жазган.
Гезит «Эл аралык кино сынчылары жумалыгы бөлүмүндө» жарыша турган чыгарылышта Узунер, Стамбулда таанышкан бир англис кызы менен баш кошуп жашоосун Англияда уланткан бир түрк инженерди жандандырганын баяндаган.
«Миллийет» гезити «Түрк детективи көп сатылгандардын тизмесинде» атуу маалыматында Германиянын эң атактуу детективдеринен түрк тектүү Тамер Бакинердин 2015-жылы базарга көп чыккан «Der Wahrheitsjäger» аттуу китеби менен көп сатылгандар тизмесинде 10-орунда киргенин баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар