Түрк басма сөзү-30.07.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

308585
Түрк басма сөзү-30.07.2015

«Сабах» гезити «Мега долбоорлорго чоң сунуштар» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Кытай Эл Республикасындагы иш сапарына Түркиянын мега долбоорлору тамгасын бастырганын жазган.
Гезит Канал Стамбул баш болгон көп сандаган долбоорго кытайлык фирмалар глобалдык атаандаштарынын жарым баасындай сунуш жасашканын маалымдаган.
«Йени шафак» гезити «Соода үчүн Кытай эркин зонасын куралык» аттуу макаласында Түркия менен Кытайдын ортосунда сооданын арттырылышына карай 3 жылдык кыймыл планын иштеп чыгуу башталганын жазган.
Гезит Түркияда Кытай фирмаларынын ар түрдүү соода жана өндүрүүсүн аткара турган өзгөчө Кытай эркин зонасы курулуусун сунуштаган экономика минисрри Нихат Зейбекчи, өндүрүш жана энергетика тармагына фирмаларды чакырганын баяндаган.
«Стар» гезити «Бар Рефаэли Лалелиге келе жатат» аттуу маалыматында Лалели өнөр жайчы жана ишкерлер коомунун (LASİAD) салтка айланган жана быйыл 4-жолу өткөрүлгөн Лалели Fashion Shopping фестивалынын кутүлбөгөн коногу - дуйнөдөгү атактуу топ модели Бар Рефаэли болоорун маалымдаган.
Гезит даңазалуу модель Бар Рефаэли 24-30 август күндөрүнүн арасында өтө турган 4-Лалели мода сатып алуу фестивалынын алкагында 25-августта Лалелиде өтө турган дефиледе подьюмга чыгаарын белгилеген.
“Хүрриет” гезитинде жарык көргөн “Том Хэнкс жана жубайы Рита Вилсон Бодрумда” атту макалада Англиянын эң көп акчалуу аял башкаруучуларынан грек тектүү 58 жаштагы Елена Амбросиадоунун дүйнөнүн эң узун парустуу яхтасы катары таанылган үч тирөөчтүү люкс яхтасы «The Maltese Falcon» 8 күн өткөн соң кайра Бодрумга келгенин жазган.
«Миллийет» гезити «Орустар сейректей түштү эле немистер чабуулга өттү» деген маалыматында экономикалык кризис менен алп урушкан 4 орустан бири быйыл Түркияга эс алууга келе албагынын баяндаган.
Гезит быйыл эс алуучу жайлар немистерге калганын, немис турист саны 11 пайыз өскөнүн, түрк туризми үчүн чоң потенцияны камтыган Ирандан келгендердин саны 8 пайыз өссө, кытайлык турист саны да 61 пайыз өсүү көрсөткөнүн белгилеген.
«Хабер түрк» гезити «Львовто орундуктардан эки эсе көп талап бар» деген маалыматында Чемпиондор лигасынын 3-алдын ала тандоо турунун биринчи оюнунда Шахтер Донецк менен тең болуп калган Фенербахченин күйөрмандары 5-августта боло турган реванш беттешүүсү үчүн катуу камынууда экенин жазган.
Гезит оюн үчүн келген талап фенербахчеликтер үчүн Львов стадионунда бөлүнгөн 1745 кишилик орундан кыйла көп болгонун, оюн боло турган күнү 4 миң күйөрмандын Львовто болушу күтүлүп жатканын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар