Түрк басма сөзү-29.07.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

307087
Түрк басма сөзү-29.07.2015

«Стар» гезити «Кызматкер, соодагер, дыйкан жана жумушчу террорго наалат айтты» аттуу маалыматында Түркиянын иштеген жана өндүргөн катмараларын өкүлдүк кылган 8 жарандык коомдук уюмдун өкүлү премьер-министр Ахмет Давутоглуна барып, террорго бергелеше каршылык көрсөтүшкөнүн баяндаган. Андагы биргелеше жасалган маалымдоодо, «Мамлекеттик коопсуздук түзүлбөстөн өндрүш, соода жана ырааттуулук болбойт, өнүгүүбүз болбойт. Атуулдарыбыздын жан коопсуздугу жана өлкөбүздө тынчтыктын камсыздалышына карай мамлекеттин чара көрүүлөрүн колдойбуз», делди. Анда иш дүйнөсү да жүргүзүлүп жаткан операцияларга колдоо көрсөткөнү белгиленди.
«Йени шафак» гезити «Баш калкалоочулар үчүн 16 жаңы борбор» аттуу маалыматында мыйзамсыз жолдор менен Түркия аркылуу Европага өткүсү келген баш калкалоочулардын саны күн өткөн сайын көбөйүшүнүн себебинен бул кишилердин убактылуу конок кылынган жерлер эми жетиштүү болобой жатканы белгиленген.
Гезит ушул алкакта Эдирне жа Балыкесирден баштап жээк тилкесиндеги 16 башка жерге жаңы баш калкалоочу борборлор курула турганын маалымдаган.
«Ватан» гезити «Соңуна жакындап калды» деген маалыматында Явуз Султан Селимдин аты коюла турган Босфор кысыгынын үчүнчү көпүрөсүндө эки жээк өткөн айларда эки мунаранын арасына белгилөөчү кабель тартылышы менен алгач ирет кошулганын жазган.
Гезит негизги кабелдин тартылышында колдонула турган “Cat Walk” деп аталган мышык жолунун эки жээктин ортосунда салынышы менен Европа жана Анадолу жээги дагы бир жолу кошулганын белгиледи.
Гезит көпүрөнүн үстүндөгү жумушчу жана инженерлердин эми эки жакка жөө басып өтө алгандары маалымдалды.
«Хүррийет» гезити «Эдинбургда алгачкы түркчө оюн» деген маалыматында Шолтландияда быйыл 68-өткөрүлө турган дүйнөнүн эң престиждүү сахна искусстолорунун фестивалдарынан Эдинбург Фринге Фестивалына алгач ирет түрк тилиндеги оюн катышууда экенин жазган.
Гезит Хаял Пердесинин алгачкы чыгарылышы болгон «Императорлук кургандар Яхут Шүмүрз» аттуу оюн 5-18-август күндөрүнүн арасында ар бир кечте көрсөтүлүп тураарын маалымдаган. Оюн фестиваль тарыхында англис тилинде сахна бетине жазыла турган алгачкы түрк тилиндеги оюн болуу өзгөчөлүгүнө ээ.
«Хабер түрк» гезити «Хорон тобу дагы Италияда» аттуу маалыматында өткөн айда уюштурулган ЭКСПО Милан жарманкесиндеги иш-чаралары убагында кыймылдуу бийлери менен көргөндөрдүн купулуна толгон Кара деңиздин хорон тобу экинчи жолу Италияга бет алганын жазган.
Гезит уюштургуч комитеттин көргөндөрдүн талабы көп болгону үчүн хорон тобун кайрадан Миланга чакырганын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар