Түрк басма сөзү 24. 07. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

347086
Түрк басма сөзү 24. 07. 2015

«Сабах» гезити «Террорго каршы кибердик чек» деген маалыматында Сирия чек арасында жаңы чаралардын көрүлүп жатканын жазган. Сирия чек арасынын физикалык коопсуздук системасы менен жаңы чек арада 5 метрдик бийиктикте бетон дубалдар менен тосулат. Дублдардын үстүнө 15 метр узундукта байкоочу мунаралар жайгаштырылат. Кургактыктан жана абадан байкоо жүргүзүлөт. 233 миллион лирага чыгым боло турган акыркы технология менен долбоорлонгон система Ирак чек арасына да курулат.
«Стар» гезити «Кытай жана Индонезияга 100 ишкер менен барат» деген макаласында президент Р. Т. Эрдогандын 28 - июль жана 1 - август күндөрү Кытай Эл Республикасы жана Индонезияга жасай турган сапарында Түркиянын алдыңкы 100дөн ашуун Тышкы экономикалык карым – катнаштар мекемесинин мүчөсү ишкер коштойт. Энергетика, финансы, курулуш, коргонуу өнөр жайы, текстиль, химия, электрондук секторлорунан катышуулар боло турган сапардын негизинде Пекин жана Жакартада өлкөлөр аралык соода жана инвестицияларды колдоо жана өнүктүрүүгө карата иш форумдары жана эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөрүлөт.
«Йени шафак» гезити «Румдар кризистен Гөкчеабадга качууда» деген маалыматында Чанаккаленин Гөкчеабад районунан көптөгөн жылдар мурда Грецияга көчкөн румдардан кээ бирлери бул өлкөдөгү экономикалык кризистин себебинен аралга кайтып бутик иш жерлерин ача баштаганын жазган. Гөкчеабад губернатору Үнал Четин райондо рум калкынын көп экенин, Грецияда жашаган румдардын бир бөлүгүнүн жылдын белгилүү мезгилдеринде Гөкчеабадда жашап жатканын айтты. Ушундан улам коңшу өлкөдөгү кризистин өздөрүнө да таасир бергенин белгилеген Четин : «Гөкчеабаддагы рум жарандарыбыз биз үчүн абдан баалуу. Аларды сыйлайбыз. Грецияда болуп жаткан экономикалык кризис коңшу өлкө катары бизди да тынчсыздантууда»,- деди.
«Хүррийет» гезити «Гремми жюрисинде» деген маалыматында джаз композитору Башак Явуз дүйнөнүн маанилүү музыка сыйлыктарынан болгон Греммиде бул жылы жюри мүчөсү катары орун аларын жазган. Нью – Йоркто музыкалык билим алгандан кийин Түркияда музыка боюнча эмгектерин уланткан Явуз биринчи альбому менен көңүлдөрдү бурду. Явуз Стамбул джаз фестивалынын негизинде да бул жылы концерт берет.
«Миллийет» гезити «Түркиядан эки режиссер Сараеводо» деген маалыматында 14 – 22 - август күндөрү өткөрүлө турган Европанын негизги фестивалдарынан Сараево кино фестивалы конкурсуна Түркиядан эки режиссердун киносунун тандалганын жазган. Кинолордун бирөөсү Тунч Давуттун «Доланма», бирөөсү болсо Канн кино фестивалына катышкан Дениз Гамзе Эргүвен режиссеру болгон «Мустанг» киносу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар