Түрк басма сөзү-19.07.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

382197
Түрк басма сөзү-19.07.2015

«Ватан» гезити «65 триллион доллардык саммит» аттуу макаласында глобалдык экономиканын 65 триллион доллардык чоңдугун өкүлдүк кылган Чоң жыйырмалыктын (G-20) саммитти 15-16-ноябрь күндөрүндө Антальянын дүйнөгө таанымал туризм аймагы Белекте болоорун жазган.
Гезит саммит үчүн даярдыктар уланып жатканда кызыл аймак деп жарыя кылынган аймакка аккредитациясы болбогон эч ким киргизилбей турганын, саммиттен улам айрым күндөрдө бул аймактан учактардын өтүүсүнө дагы уруксат берилбей, лидерлер бир түндүк баалары 30 миң долларга чейин жете турган ультра люкс королдук бөлмөлөр жана виллаларда жашашаарын маалымдаган. Анда АКШнын президенти Барак Обама үчүн ок өткүс айнектер колонулган 2 вилла даярдалса, кемеде да кала ала турганы билдирилди.
«Йени шафак» гезити «Ирандык 10 миң турист Ванга чубады» аттуу макаласында Орозо айт майрамын мүмкүнчүлүк катары көргөн көп сандагы ирандык турист тарыхый жана туристтик жерлери менен таанылган Ванды тандаганын жазган.
Гезит соода борборлорунан баштап дүкөндөргө чейин, проспекттерден жана көчөлөргө чейин жанданткан ирандыктар сатуучулардын жүзүн жылмайтканын белгилеген. Гезит эс алууларын Жер Ортолук деңиз жана Эгей жээктеринде өткөргүсү келген бир топ ирандык туристтин автомобилдерин Вандагы аэропортко токтотуп коюп, учак менен жол тартканын маалымдаган.
«Стар» гезитинде жарык көргөн «Дүйнөнүн жылдыз университтеринин 10у Түркиядан» деген макалада билим берүү сапаты, бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка кирүү катнашы жана иш-чара көлөмү сыяктуу 8 номинация негиз кылынып алынып белгиленген дүйнөнүн эң мыкты 1000 университет тизмелөөсүнө Түркиядан да 10 университет киргенин жазган. Анда алдыңкы 500дүн ичинде Жакынкы Чыгыш техникалык университети орун алса, Стамбул, Хажеттепе, Анкара, Стамбул техникалык университети, Эгей, Босфор, Билкент, Гази жана 9-Сентябрь университеттери жана тизмедеги калган түрк университеттери болгону орун алган. АКШнын Гарвард университети болсо миң университеттин ичинен эң мыктысы болуп тандалды.
«Хабер түрк» гезити «Оодарылууга бөгөт кое турган технологияны өнүктүрүштү» аттуу маалыматында Башкент университетинин инженердик факультетинин курамында көпчүлүк кишинин өлүмүнө же жаракат алуусуна себепчи болгон транспорт кырсыктарында унаалардын оодарылып кетүүсүнө бөгөт боло турган система өнүктүрүлгөнүн жазган.
Гезит прототиби чыгарылган система, унаа менен жердин ортосунда коргоочу функцияны аткарып, унаанын физикалык бүтүндүгүн сактап калаарын баяндаган.
«Миллийет» гезити «Кипрге вето» аттуу маалыматында Кипрде түрк жана рум бөлүгүнүн ортосунда болуп жаткан пикир келишпестиктери Аялдар арасындагы баскетбол лигасына да таасир тийгизгенин белгилеген.
Гезит быйыл алгач ирет Аялдар арасында баскетбол супер лигасында ойноого даярданган Жакынкы Чыгыш университети саясий себептердин себебинен оюндарын Түндүк Кипр Түрк Республикасында ойнобой турган болуп, Түркияда ойногонго аргасыз болгон команда Адана, Мерсин же Антальянын ортосунда тандоо жасаарын белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар