Түрк басма сөзү-14.07.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

345172
Түрк басма сөзү-14.07.2015

«Стар» гезити «Майрамдык соода-сатык» деген макаласында орозо айт майрамына саналуу күндөр калганда соода-сатык жандана баштаганын жазган.
Гезит текстил, тамак-аш жана туризм сектору жанданганын белгилеп, соода борборлорунда да арткан сатууларда 50 пайызга чейин арзандатуулар болуп жатканын, бул майрамда 30 миң кишинин чет өлкөгө саякат кылышы күтүлүлгөнүн, жүргүнчү саны өлкө ичиндеги саякаттар менен бирге 1 миллионго жете турганын, бул кыймылдуулук базарга да допингдей таасир көрсөтүшү күтүлгөнүн, эс алуучулар жергиликтүү базарлардын сатууларын арттыра турганын маалымдаган.
«Сабах» гезити «Докторантура дипломун алган кызматкер ал, айлыкты мамлекет төлөсүн» аттуу маалыматында өкмөттүн жогорку технологиялык фирмалар үчүн баштаган долбоорунда кайрылуулар жума күнү аяктаарын маалымдаган.
Гезит «менчик сектордо жумуш менен камсыздоо» долбоорунун алкагында докторантура димлому болгон кызматкерди иштеткиси келген жумуш берүүчүлөрдүн кызматкеринин айлыгын 2 жыл бою мамлекет төлөп берээрин жазган.
Гезит бул ишке ашыруу сектордогу жумуш менен камсыздоону, сапатты жана технологиялык жаңыланууларды арттыраарын маалымдаган.
«Хабер түрк» гезити «Түркия күн энергиясына бай өлкө» деген макаласында жаңылана алыгдай энергия булактарынын мааниси барган сайын артып жатканда Түркия күндүн күчүн көрө баштаганын жазган.
Гезит күндөн электр энергиясын өндүрүүдө курулган кубаттуулук 71 миң МВаттан ашканын, Түркиянын күндөн электр энегриясын өндүрүү потенциясы болсо эң аз 500 миң мВатт экендигин, 790 чарчы километр аянтта ишке ашырыла турган күндүн энергиясын тартуучу панелдери менен электр энергиясынын толугу камсыздала алаарын, бул долбоор ишке ашырылышы менен Түркияда көмүртектин эмиссиясы 3,2 миллион тонна азая турганын маалымдаган.
Гезит энергетикада да эң аз 1 миллион тонна мунай затка тете үнөмдөө камсыздалааарын жазган.
«Йени шафак» гезити «Байыркы шаар «Ани» дагы ЮНЕСКОнун тизмесине кирүү жолунда» аттуу макалада миңдеген жылдык өткөнү болгон Карстагы Ани байыркы шаарынын ЮНЕСКО тарабынан Дүйнөлүк мурас катары кабыл алынышы үчүн иш-чаралар башталганын билдирген.
Гезит бул кабыл алынган учурунда Ани байыркы шаары Түркиядагы 16-Дүйнө мурасы болоорун белгилеп, 2015-жылдын февраль айында кайрылуусу жасалган жана убактылуу тизмеге киргизилген байыркы шаар үчүн сентябрда ЮНЕСКОдон бир топ Карска келип акыркы иштерин жасай турганын маалымдаган.
«Хүррийет» гезити «Барселонада Арда шоу көрсөтүүдө» аттуу маалыматында Испаниядагы жаңы командасы Барселонада алгачкы машыгуусуна чыккан улуттук футболчу Арда Туран ар кимдин көңүлүн көтөргөнүн жазган.
Гезит Атлетико Мадрид командасынын 41 миллион еврого трансфер болгон Арданын уругвайлык Суарес менен тамашалашуусу көргөндөрдү кубандырганын, барган ар бир командада ар кимдин көңүлүн көтөргөн Арданын Барселонага да өзгөчө бир атмосераны алып келе турганы сүйлөшүлүүдө экенин баяндаган.
Гезит Түрк аба жолдорунун болсо Арда Туранды марка жүзү кылуу үчүн жарнама роликтеринде ойното ала турганы боюнча серептер салынууда экенин маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар