Түрк басма сөзү 13.07.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

379816
Түрк басма сөзү 13.07.2015


«Йени шафак» гезити «Бензинге жаңы атаандаш» деген маалыматында Йылдырым Беязыт университетинин инженердик жана табигый илимдер факультетинин ассистанты доцент доктор Мүкеррем Шахиндин жетекчилигиндеги топ, бензин жана дизель менен жүргөн унааларда түздөн-түз колдонула турган күйүүчү май өндүргөнүн жазган. «Green Gas» деп аталган күйүүчү май уулуу газды азайтканы үчүн экологияга зыян тийгизбегени менен көңүлдөрдү бурууда.

«Сабах» гезити «Түркиянын сыймыгы Элиф» деген макаласында 16 жашында банандын кабыгынан биопластика өндүргөн бул долбоору менен Google илим жарманкесинде финалга чыгып Түркияны сыймыктандырган Элиф Билгиндин ойлоп табуучу болуу үчүн аракет кылганын жазган. Учурда 18 жашта болгон Элиф АКШдагы Жонса Хопкинса университетине кабыл алынды. Биомедицина инженердиги бөлүмүндө окуй турган Элиф, эки жыл мурда 120 өлкөдөн миңдеген окуучу катышкан сынакта финалга чыгышы менен бирге АКШда 168 жылдан бери жарыяланган популярдуу илим журналы «Scientific Американын» «Scient in Action» сыйлыгына да татыктуу көрүлдү.

«Ватан» гезити «Өз кызын бионик көзү менен биринчи жолу көрдү» деген маалыматында көзү көрбөгөндөр үчүн чоң үмүт болгон жана азырынча 150 кишиге тагылган бионик көз биринчи жолу Түркияда жасалганын билдирген. Стамбулдун Этилер районундагы көз ооруканасында жасалган операция аркылуу бионик көз тагылган 44 жаштагы аял өз кызын биринчи жолу көрдү. Ал аял эми бардык ишти өзү жасай алат. Бул операция көзү көрбөгөндөр үчүн чоң үмүт болду.

«Хүррүйет» гезити Голливудда тартылган «The Mountains and the Stones» аттуу кинонун Кападокиядан кийин Стамбулдагы бөлүмү Эминөнү районунда тартыла баштаганын жазган. Рүстем Паша мечитиндеги съемкада башкы каармандар Мишель Huisman жана Hera Himar роль алды. Биринчи Дүйнөлүк согуш убагы чагылдырылган кинодо, америкалык мед айым менен түрк офицердин сүйүүсү түшүндүрүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар