Түрк басма сөзү 6.07.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

334185
Түрк басма сөзү 6.07.2015


«Сабах» гезити «Президент ири долбоорду колдоодо» деген макаласында президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын информатика тармагында секирик жасашы үчүн маанилүү план даярдаганын билдирген. Эрдоган дүйнөлүк масштабдагы информатика тармагында адистерди даярдап чыгаруу үчүн атайын долбоорду колдойт. Президент Эрдоган электрондук демилге жана информатика технологиялары тармагында жанган жылдыздар менен жоолугушуп, Түркиянын ушул тармактагы маселелери жана жасалышы керек болгондорго кулак салат. Бул долбоор мыкты адистерден пайдалануу, информатикага болгон кызыгууну арттыруу жана менчик секторлор менен кызматташууну камтууда.

«Йени шафак» гезити «Араб өлкөлөрү менен соода көлөмү 12 жылда 7 эсе өстү» деген маалыматында Түркия менен араб өлкөлөрүнүн ортосундагы соода көлөмү өсүп баратканын билдирген. Соода көлөмү боюнча акыркы көрсөткүчтөргө караганда Ирак менен 10,8 миллиард доллар, Египет менен 1,4 миллиард доллар, Кувейт менен 568 миллион доллар болду. Жалпысынан алганда Түркия менен Араб өлкөлөрүнүн ортосундагы соода көлөмү 35 миллиард долларга жетти. Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөр менен болгон соода көлөмү болсо 4,7 миллирд доллардан 31 миллиард долларга жогорулады.

«Хабер түрк» гезити «Чет элдик студенттердин саны 2016-жылы 100 миңге жетет» деген маалыматында 2016-жылы жаңы 20 миң чет элдик студенттин келиши күтүлүп жатканын билдирген. Анда ар бир студент жылдык 40 миң доллар сарптаса бул да 800 миллион доллардык киреше түшкөндүгүн туюнтаары жазылган. Түркияда алыстан билим берүү тармактары менен бирге орто эсеп менен 80 миң чет элдик студент бар. 2016-жылы бул сандын 100 миңге жетүүсү күтүлүүдө.

«Миллийет» гезити «Hasankeyf to UNESCO» деген макаласында Түркиядан Эфес байыркы шаары жана Диябакыр чептери менен Хевсел бакчаларынын ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилишинен кийин Батмандын маанилүү тарыхый жана маданий мурасы Хасанкейф үчүн да социалдык медиада акция баштатылганын жазган. Hasankeyf to UNESCO хештеги менен бөлүшүлгөн твиттерде Хасанкейфтин маданий казынасынын корголуусу үчүн жооптууларга чакырык айтылды.

«Ватан» гезити «Түрк фирмалары чач эгүү ыкмасы боюнча Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн багындырды» деген макаласында Түркияга келген араб туристтердин түрк фирмаларынын тейлөөлөрүнө ыраазы болуп кайткандарын жазган. Араб өлкөлөрүнөн Түркияга чач эктирүү үчүн келгендердин саны өсүп баратат. Түрк фирмалары чач эгүү темасында биринчилерден болуп тандалгандардан жана араб өлкөлөрүндөгү кеңселеринин санын да көбөйтүштү. Чач чыкпай калган жерди чач эгүү ыкмасын колдонуп дарылоодо Түркияда арзан жана сапаттуу тейлөө көрсөтүлүүдө. Акыркы жылдарда өзгөчө Англия, Франция жана Польша сыяктуу өлкөлөрдөн да чоң талап бар.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар