Түрк басма сөзү-5.07.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

332924
Түрк басма сөзү-5.07.2015

«Йени шафак» гезити «Коалиция туру башталууда» аттуу макаласында премьер-министр Ахмет Давутоглу оппозицияга байланыштуу кеңири отчеттордун коштоосунда коалиция турларын баштаганын жазган.
Гезит эң аз 2 жыл иштей турган өкмөттү максаттаган өкмөт башчы, оппозициядагы партияларга «макстыбыз мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү эмес. Эң маанилүүсү өлкөнүн кызыкчылыктары. Түркияга доордун секиригин жасата турган ири долбоорлор үзгүлтүккө учуратылбай уланышы зарыл» деген маалыматты бергенин баяндаган.
«Хүррийет» гезити «Түрк фирмасы Техаста мунай зат чыгарат» деген маалыматында Түркиянын алгачкы мунай зат инвесторлорунан Pet холдингдин башкаруу кеңешинин төрагасы Гүнтекин Көксал, багытты АКШнын мунай зат борбору Техаска бургандарын айтканын жазган.
Гезит «АКШда мунай зат аянтын алган алгачкы түрк фирмасыбыз»-деп айткан Көксалдын, мунай зат чордонунда боло тургандарын жана күнүгө 700 баррелге дейре өндүрүш кылууну максаттагандарын айтканын белгилеген. Анда Техастагы инвестициясынын 30 миллион доллардык бюджет менен кичине аянт болгонун белгилеген Көксал, бул инвестицияны чоңойтууну пландагандарын баса белгилегени орун алган.
«Ватан» гезити «Максат 3,4 миллиард доллардык Африка» аттуу маалыматында түрк курулуш сектору 3,4 миллиард доллардык Түштүк Африка базарынан дагы көп үлүш алуу үчүн чабуулга өткөнүн баяндаган.
Гезит Йоханнесбург шаарында 15-18-июль күндөрүндө уюштурула турган материктин эң чоң жарманкеси Bauma Conexpo го алгач ирет улуттук катышуу аткарылаарын жазган. Анда бул сектордун максаты аймакка өткөн жылы жасалган 45,1 миллион доллардык экспортту эки эселентүү экендиги маалымдалган.
«Хабер түрк» гезитинде жарык көргөн «Голливуд жылдыздарынын учураган булуңдарынын тартуучулугун сактайлы» аттуу макалада орус миллиардери Роман Абрамович баштаган дүйнөнүн саналуу байлары жана Голливуд жылдыздары жыл сайын Эгей жана Жер Ортолук деңизге келгени орун алган.
Гезит атактуу ысымдардын бул аймакты тандоолорунун биринчи себеби болсо дагы эле табигый кооздугун сактаган булуңдары болгонун белгилеген. Гезит яхталары менен келген атактуулардын кол тие элек булуңдарда табияттын ырахатын алып жатышканын, Бодрум деңиз соодасы палатасынын башчысы Ариф Йылмаздын, «Бүткүл дүйнөнүн кызыгуусун тарткан бул булуңдардын тартуучулугун сакташыбыз керек»-дегенин баяндаган.
«Стар» гезити «Бир уйгур драмасы» аттуу маалыматында Кытайдын карамагындагы Шыңжаң Уйгур автономдук аймагында кысымга учурагандыктан чет өлкөгө чыгууга аргасыз болгон Уйгур Өзтүрктүн, «Ак кит» аттуу кино тасманы Стамбулда тарта баштаганын жазган.
Гезит Өзтүрктүн өлкөсүндө болгон окуялардан таасир алып жазган баяндан жолго чыгып сценарийлештирген «Ак кит», Шыңжаң Уйгур автономдук аймагынан көчүп кеткен, жашоолору Анадолунун бир айылында кесилишкен эки кичине баланын чынчыл аңгемесин түшүндүргөнү жана Түркиянын да панорамасы көрсөтүлөөрүн маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар