Түрк басма сөзү-2.07.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

328921
Түрк басма сөзү-2.07.2015

«Йени шафак» гезити «Дүйнө жүзүнүн жетимдери Бештепеде коноктолот» аттуу макалада Ислам Кызматташтык Уюму Рамазандын он бешинчи күнүн Дүйнөлүк жетимдер күнү деп жарыялаганын жазган.
Гезит президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган Дүйнөлүк жетимдер күнүнүн алкагында 11 башка өлкөдөн Түркияга келген жана ар бири жарандык согуштарда ата-энесинен ажыраган балдарды Бештепеде коноктой турганын баяндаган.
Анда Гуманитардык жардам фонду да Стамбулдагы Йеникапыда жетимдер үчүн чоң ооз ачуу программасын уюштураары жана жетимдердин ооз ачуусуна президент Режеп Таййип Эрдоган да катышаары маалымдалган.
«Стар» гезити «Роботтошкон хирургия менен паратироид операциясы» аттуу маалыматында Түркияда роботтошкон хирургия ишке ашыруулары ылдам өнүгүп жатканын жазган.
Гезит мунун акыркы үлгүсү Эгей университетинин медицина факультетинде болуп, эки көкүрөктүн ортосунда орун алган «paratiroid adenomu» орун алган оорулууга робот жардамы менен операция жасалганын маалымдаган.
Гезит операция оорукчандын көкүрөк сөөгү кесилбестен жасалганын, бул ыкма менен оорукчан дагы кыска мөөнөттө калыбына келип, дагы аз оорусу болгонун баяндаган. Анда робот операциясы үч өлчөмдүү көрүнүштүн астында аткарылганы белгиленген.
«Ватан» гезитинде жарык көргөн «Дүйнөнүн эң мыктылары Summa ve TAVдан чыгууда» аттуу макалада Түрк курулушчулардын дүйнө лидерлиги жолунда экендиги орун алган.
Гезит «Engineering News Record» журналынын жыл сайын жарыялаган дүйнөнүн эң чоң 250 эл аралык курулушчусу демилгесинде жети жылдан бери дүйнө экинчиси болгон Түркиянын курулушчулар биримдигинин мүчөлөрү маанилүү ийгиликке жетишткенин жазган. Гезит курулушчуларыбыз глобалдык долбоор сынагынан сыйлыктар менен кайтты. Summa «Дакар эл аралык конгресс борбору» долбоору менен, TAV дагы «Медина эл аралык аэропорту» долбоору менен дүйнөнүн биринчиси болуп тандалды.
«Хабертүрк» гезитинде жарыяланган «Анкарада балдар үчүн көңүл ачуучу жерлер» аттуу маалыматта мектептерде эс алуу мезгили башталышы менен бирге Анкарада көңүл ачуучу жерлер балдардын кызыгуусун тартканы орун алган.
Гезит балдардын көңүлдүү убакыт өткөрүү жайларынын арасына Түркиянын алгачкы жана жалгыз балдар музейи, оюнчуктар музейи, Табият тарых музейи жана энергетика паркы, дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген 12 миң деңиз жандыктары жашаган «Aqua Vega Akvaryum», «Феза Гүрсей» илимий борбору, «Ченгелхан» технология музейи, Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин (ODTÜ) билим жана технологиялык музейи кирээрин белгилеген. Көңүл ачуучу жайлар, Анкарага конокко келген жергиликтүү жана чет элдик балдардын сөзсүз түрдө көрүүсү керек болгон жерлер болуп саналат.
«Сабах» гезитинде чыккан «Ири айкелдер деңизде» аттуу маалыматта Анталиянын туристтик жерлеринин бири Сидеде деңиз астындагы суу музейинде абдан чоң көлөмдөгү эстеликтер орнотулганы баяндалган. Анда «Семазен», «Боштондук согушу», «Посейдон жана анын храмы», «Төөлөрдүн кербени», «Гүлдөр бакчасы» деген темалар менен 110 айкел орун алган. Айкелдер Сиде портунан 1 мил алыстыкта 11-18 жана 2 метр тереңдикке жайгаштырылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар