Түрк басма сөзү-1.06.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

327653
Түрк басма сөзү-1.06.2015

«Стар» гезити «Бейтарап аймак Түркиянын укугу» аттуу макаласында Сириядагы террордон качууга аракет кылган баш калкалоочулардын жан коопсуздугу үчүн «Коопсуз аймак» ишке ашыруусун күн тартипке алып чыккан Анкара, бул талабын 2005-жылы БУУнун Дүйнөлүк саммитинде чыгарылган «Коргоо жоопкерчилиги- R2P (Responsibilility to Protect)» токтомуна таянып койгонун жазган.
Гезит буга ылайык Түркия кучак жайган баш калкалоочулардын «корголуу жоопкерчилигин» да алуудан баш тартпаганын, Асад режими сыяктуу мыйзамсыз абалга келген мамлекеттердин атуулдарынын адам укуктарын коргой албаган учурларда, БУУнун Коопсуздук кеңешинин токтому менен эл аралык коомчулуктун атынан бир же бир топ өлкөнүн кийлигише алуусунун жолу ачылганын жазган. Гезит Анкара бул жоопкерчилигин дүйнөгө жар салууга даярданып жатканын маалымдаган.
«Сабах» гезити «Кызматташуу сунуштарына ачыкпыз» деген маалыматында премьер-министр Ахмет Давутоглу карыз кризисинин себебинен банкроттун босогосуна келген Грецияга колдоо көрсөтүү маалыматын жибергенин жазган.
Гезит өкмөт башчы партиясынын парламенттеги фракциялык жыйынында Эл аралык Валюта Фондуна 1,6 миллиард евролук карызы болгон Афина өкмөтүнө колубуздан келген жардамды беребиз, ар түрдүү кызматташуу сунушуна оң карайбыз деп айтканын баяндаган.
Гезит Давутоглунун, «Кризиске каршы бирге таштай ала турган кадамдарды бетме-бет олтуруп сүйлөшүү үчүн мындан мурда пландаганыбыз сыяктуу кызматташтык кеңеши үчүн Грецияга барабыз»-деп айтканын берген.
«Хабер түрк» гезитинде жарык көргөн «Маданият министрлигине сыйлык» аттуу макалада маданият жана туризм минитстрлигин Англиянын борбор шаары Лондондо уюштурулган дүйнөнүн эң ири бакча жана гүл жарманкеси Hampton Court гүл жарманкесине «Бейиш бакчасы» концепти менен катышканы орун алган. Анда бул дизайн дүйнө бакчалары номинациясында биринчилик сыйлыгын алганын маалымдаган.
«Хүррийет» гезити «Кыз бир туугандар келе жатат» аттуу макаласында дүйнөнүн мүчө саны эң көп аял жарандык коомдук уюмдардан бири болгон эл аралык Soroptimist International (эң мыкты максаттаган кыз бир туугандар) федерациясынын 4 жылда бир уюштурган конвенциясы 9-12-июль күндөрүнүн арасында Стамбулда боло турганын жазган.
Гезит 129 өлкөдө 90 миң мүчөсү менен иш алпарган Soroptimist International, коомго жана социалдык жашоого карай активисттик иш-аракеттерде болгон иш жана кесипкөй айымдардан турарын маалымдаган Soroptimist International учурга дейре 4000дей долбоор менен 120 миң аялга жардам берген.
«Миллийет» гезити «Италияда балдар менен жолугат» деген маалыматында сыйлыктуу режиссер Селжен Йылмазоглунун «Хүршит» аттуу кыска метраждуу тасмасы Италиянын маанилүү балдар жана кыска метраждуу кино фестивалы катары билинген 45-Giffoni кинофестивалында конкурс бөлүгүнө тандалганын маалымдаган. Фестивалда дүйнөнүн жалпысынан 4200дөн ашуун кинонун арасынан тандалган толук жана кыска метраждуу бардыгы 98 кино тасма көрсөтүлөт.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар