Түрк басма сөзү-30.06.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

326142
Түрк басма сөзү-30.06.2015

«Йени шафак» гезити «Түркия 193 өлкөнү артка калтырды» аттуу маалыматында 2 миллиондон ашуун баш калкалоочуга кучагын ачкан Түркия, Бириккен Улуттар Уюмунун «мамлекеттик кызмат сыйлыгына» ылайык көрүлгөнүн баяндаган.
Гезит сыйлык БУУнун Оскары катары да билингенин, апаат жана курч кырдаалды башкаруу башкармалыгы AFADдын өзү түзгөн AFKEN доолбору менен убактылуу баш калкалоо борборлорун узактан байкап турганын, убактылуу шаар башкаруусу системасы менен да убактылуу баш калкалоочу жерлерде баш калкалагандардын саны тууралуу маалыматтар, баш калкалоо көлөмү, жетиштүүлүк, жертөлө, кызматкер башкаруусу сыяктуу маалыматар электрондук чөйрөдө байкалып тураарын маалымдаган. Бул ишке ашыруу менен Түркия дүйнө биринчиси болду.
«Сабах» гезити «Азиянын инфрастуктуралык инвестиция банкы үчүн кол коюлду» аттуу маалыматында Түркия да арасында болгон 57 куруучу мүчө өлкөсү орун алган Азиянын инфрастуктуралык инвестиция банкы үчүн Кытайда алгачкы кол коюлганын жазган. Анда 100 миллиард доллар капиталдуу банк үчүн 50 өлкө кол койгону, иштерин 2015-жылдын акырында баштоону пландаганы баяндалган. Мүчө өлкөлөрдүн 20 чактысы Азия материгинин тышынан. Банктын алдыңкы максаты аймактык өнүгүүгө колдоо көрсөтүү болуп саналат.
«Стар» гезити «Түркияга келген немис туристтердин саны өсүп баратат» деген маалыматында жылдын алгачкы беш айында Германиядан келген туристтердин саны 12,5 пайыз өскөнүн жазган. Май айындагы өсүү болсо 26,4 пайызга жетти. Немис туристтер жалпы сандын 14,42 пайызын түздү. Май айында Германиядан кийин Түркияга эң көп турист катары келгендер болсо 13,17 пайыз менен орустар болду. Үчүнчү орунда турган англиялык туристтер да 8,17 пайыздык үлүшкө ээ.
«Миллийет» гезити «Түрк инженер өнүктүрдү Италияда сатууга чыгарылды» деген маалыматында түрк инженерлеринин Түркия базары үчүн долбоорлогон касса жана POS аппараты үчүн Европада да сатуу уруксатын алганын баяндаган.
Гезит Италиянын бардык сертификаттары менен бекиткен ‘Ingenico iWE280’ кассалык POS аппарытынын сатылышына июль айында Италияда башталаарын маалымдаган. Ташылып жүрүүчү жаңы муундагы касса өз түрүнүн арасында абдан ийгиликтүү товар жана болгону 456 грамм салмагы бар. Бул товар эл аралык сапаты менен базарда кыска мөөнөттүн ичинде ийгиликке жетишти.
«Хүррийет» гезити «Элазыгда электрдүү машина өндүрүштү» аттуу маалыматында Эвфрат университетинин технология факультетинин автомобиль бөлүмүндөгү акыркы курстун 7 студенти, бүтүрүү тезисинин алкагында ТҮБИТАКтын колдоосу жана өз тыйындары менен «Форс» деп аташкан электрдүү автомобиль өндүрүп чыгарганын жазган.
Гезит окуучулар 400 кг салмагындагы унааны 10 ай сыяктуу кыска мөөнөттүн ичинде өндүрүп чыгаргандарын маалымдаган. Эки кишилик унаада 4 алдыга 1 артка кетүүчү ылдамдык которгучу бар. Унаанын кубаттуулугу 26 ат күчүндөй. Бул атомобиль азырынча саатына 60 км жол жүрө алат, заряды 100 км аралыкка жетет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар