Түрк басма сөзү-28.06.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

323411
Түрк басма сөзү-28.06.2015

«Стар» гезити «Буга жооп бер АКШ» аттуу макаласында Американын чалгындоо уюму CIAдин мурдагы тыңчысы Эдвард Сноудендин: «ДЕАШтын лидери Багдадини CIA, МОССАД жана MI6 жетилтти» деген жарыясына азырынча АКШ бир ооз дагы жооп бере электигин белгиледи.
Гезит жашыруун маалыматтарды берип Орусияга баш калкалаган Сноуден ДЕАШтын артында АКШ, Англия жана Израилдин чалгындоо уюму турганын айтканын, сөздөрү төгүнгө чыгарылбаган Сноуденге караганда аймактагы Израилге каршы топтордун бардыгы бири-бирилери менен кагылыштырылганын, ДЕАШ болсо аймакта Израилдин коопсуздугун камсыздап жатканын, үч өлкө аймакты ДЕАШ аркылуу формаландырып жатканын маалымдаган.
«Хабер түрк» гезити «Бразилиялык туристтер ыйык Жорж үчүн Кападокияга келишет» аттуу маалыматында Анадолудагы маданият туризми барган сайын тартуучу абалга айланганын жазган.
Гезит Кара деңиз аймагы жыл сайын турист санын 25 пайыз арттырганын, кара деңиздиктер аймактын табигый кооздуктарын көрүп жаратылыш кооздуктарын көргүсү келген туристтерге жыгачтан жасалган жайлоо үйлөрүн ижарага беришкенин белгилеген. Ошондой эле туризм бейиши Кападокия болсо басымдуу түрдө япон туристтердин кызыгуусун тартканын, бразилиялыктардын диний жол башчысы катары билинген жана Кападокияда жашаганы белгиленген Азиз Жорж тууралуу таанытуулар жасалышы менен бирге аймакка келген бразилиялык турист санында да чоң өсүү камсыздалганын маалымдаган.
«Йени шафак» гезити «Үй эмеректери абдан көп сатылууда» деген маалыматында Түркияда үй эмеректеринин сатылышы январь-май мезгилинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 11,4 пайыз өскөнүн белгилеген.
Гезит бул сектордун ички базардагы сатуулары акыркы 3 жылдын эң жогорку деңгээлине жеткенин, ички базарда эң көп талап көргөн үй эмериги кир жууган машинка болгонун, ал эми үй эмеректеринин үстүбүздөгү жылдын 5 айлык өндүрүш көлөмү 9 миллион 549 миң 204 даана болуп өткөн жылга салыштырмалуу 8,8 пайыз өсүү көрсөткөнүн маалымдаган.
«Сабах» гезити «Балдарга «чип» менен байкоо мезгили» аттуу макаласында ата-энелердин коркулган жагдайы, балдарынын соода борборлорунда, сейил бактарда, киши көп жерде жоголуп кетүү коркунучу соңуна чыга турган жаңы телефондук ишке ашыруу өнүктүрүлгөнүн маалымдаган. Анда жергиликтүү өндүрүш болгон бул ишке ашырууда баланын үстүнө тагыла турган «чип» менен уюлдук телефондон байкала турганы, бала үй-бүлөсүнөн алыстай баштаганда телефондордо эскертүү сигналы берилээри орун алган.
«Ватан» гезити «Айым баскетболчулардын ийгилиги» аттуу макалсында ФИБА аялдар арасындагы Европа баскетбол чемпиондугунда Түркия нормалдуу мөөнөттү 59-59 упай менен тең бүтүрсө, кошумча мөөнөттө Орусияны 68-66 упай эсебинде утуп алып турнирди бешинчилик менен бүтүргөнүн жазган. Анда бул жыйынтык менен улуттук курама команда Рио-2016 Олимпиада оюндарынын тандоо таймашууларына катышууга жолдомо алганы орун алган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар