Түрк басма сөзү 27.06.2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

321728
Түрк басма сөзү   27.06.2015

«Стар» гезити «Сириянын түндүгүндө жаңы бир мамлекеттин курулушуна уруксат бербейбиз» деген макаласында президент Р. Т. Эрдогандын Сирия чек арасындагы абалдарга байланыштуу катуу сөздөрдү айтканын билдирген. Эрдоган : «Калкыма жана дүйнөгө кайрылам; Сириянын түндүгүндө мамлекеттин курулушуна эч качан уруксат бербейбиз. Муну баары билиши керек. Биз аймактын демографиясынын бузулушун каалабайбыз»,- деди.
«Йени шафак» гезити «Кобани Түркиянын саясында жашап жатат» деген макаласында Түркиянын гуманитардык жардамдары менен Кобанинин жашап жатканын жазган. Гезит «Рахмат» айтуунун ордуна «террорист Түркия» кампаниясынын башталганын, ДЕАШ кол салуусунан Түркиянын жооптуу экенинин айтылуусуна каршы чыккан Суруч губернатору Абдуллах Чифтчи Кобаниге акыркы 5 айда 1920 тройлер жардам жиберилгенин айтканын белгиледи. Чифтчи ал жердеги калкты жашатууга аракет кылып жатканда бирөөлөрдүн Түркияны адамдарды өлтүргөндөр менен бир орунга коюсунун капалантуучу экенин айтты. Чифтчи : «Биз коңшуларыбыздын тынчтыгын, адам сыяктуу жашоосун каалайбыз»,- деди.
«Ватан» гезити «Дары сыяктуу инвестиция» деген маалыматында дары секторунун алдыңкы ысымдарынан Абди Ибрахим Түркиядагы эң чоң биотехнологиялык дары өндүрүүчү комплекстин пайдубалын Стамбулда түптөдү. 100 миллион долларга курула турган комплексте импорттолуп алынган рак, диабет, ревматизм дарылары өндүрүлөт.
«Сабах» гезити «Түрк архитекторлору тамгасын басты» деген макаласында 2008 - жылдан бери өткөрүлүп келген «Дүйнөнүн эң жакшы курулуштары» конкурсуна түрк архитекторлору катышат. World Architecture фестивалынын негизинде өткөрүлө турган конкурста Түркия 20 проекти менен Австралия жана Англиядан кийин эң көп проекти сунуштаган үчүнчү өлкө болду. Конкурста 47 өлкөдөн 700 проекти орун алууда.
«Миллийет» гезити «Луна Мийович келет» деген маалыматында биринчи киносу «Эсманын сырына» тартылып, 2006 - жылы Берлин кино фестивалында «Алтын аюу» сыйлыгын алган босниялык актриса Луна Мийович октябрь айында Стамбулга келерин маалымдаган. Бирөөсү босниялык, бирөөсү түрк болгон эки жаштын махабатын баяндаган кинодо ойной турган Мийович бир ай Стамбулда болот.
«Хүррийет» гезити «Укмуш түрктөр» деген макаласында Түркия бир тараптан Это, Роналдиньо жана Нани сыяктуу жылдыздардын трансфери менен аты чыгып жатканда 3 түрк дүйнөнүн трансфер күн тартибин ээлеп жатат. Улуттук футболчу Арда Туран Европа чоңдорунун трансфер тизмесинде орун алса, Бурсаспордун жаш жылдызы Энес Үнал Премьер лигасынын чоңдорунан Manchester City менен келишимге кол койду. Анадолу Ефестин оюнчусу Жеди Осман да дүйнөнүн эң таанымал баскетбол аренасы NBA алынды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар