Түрк басма сөзү 26. 06. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

320490
Түрк басма сөзү 26. 06. 2015

«Йени шафак» гезити «Этликке абдан чоң булак» деген макаласында коомдук – менчик өнөктөштүгү модели менен жүргүзгөн интеграция саламаттык кампустары программасынын негизиндеги Анкара Этлик интеграция кампусуна абдан чоң булак бөлгөнүн жазган. 876 миллион евролук булакты берген жергиликтүү жана чет элдик 13 банктан турган концерсиюм менен проектини алган фирмалардын арасында түзүлгөн келишимге Стамбулда кол коюлду. 3 миң 566 орундуу дүйнөнүн эң чоңдорунун арасына кире турган капмуста бир мейманкана, конгресс борбору, базар, спорттук борборлор, соода аянттары менен бирге 11 миң унаалуу автопарк да бар.
«Стар» гезити «7, 5 миллиард долларлык Абрааж ГАПка келет» деген макаласында дүйнөнүн эң чоң инвестиция фонддорунун бири болгон Абрааж группанын Түркияда фирма издеп жатканын жазган. Жаңы өнөктөштүктөр үчүн багытын Түштүк – Батыш Анадолу аймагына бурган жана Газиантепте бир фирма менен өнөктөштүк үчүн келишим түзө турган Абрааждын Шанлыурфа, Кахраманмараш жана Диярбакыр сыяктуу шаарлардагы КОБИлерге да көңүл бурууда.
«Миллийет» гезити «Белгилүү билим паркына түрк илизлөө – өнүктүр борбору» деген макаласында «Арчелик» Англияда Кембридж университетине караштуу Тринити-колледж башкарган өлкөнүн алгачкы билим паркы болгон жана дүйнөнүн эң негизги технология фирмаларынын негизинде орун алган Кембридж илимий паркта изилдөө – өнүктүр борборун ачууда. Борбор, программа, жаңы материалдар, алдыңкы технологиялары алдыда болуу менен уй буюмдары тармагында жаңы продукциялардын өнүктүрүлүшүнө мүмкүнчүлүк түзө турган темаларда иликтөө – өнүктүрүү иштерин жүргүзөт.
«Ватан» гезити «Аясофия үчүн эң баалуу чыгарма 162 жылдан кийин басылды» деген макаласында Архитектор Гаспаре Фоссаты Траянонун Султан Абдүлмежиддин жардамы менен Лондондо бастырган Аясофия жана Стамбул тууралуу гравюралар орун алган «Ая София Константинополь» аттуу чыгармасы 162 жылдан киийн кайрадан окурмандары менен жолугушту. Азыркы күндө осмондук архив китепканасында табылган нускасына ылайыкташтырылган эмгекте чыгарма кайрадан французча, түркчө, арапча жана англис тилинде даярдалды.
«Хабер түрк» гезити «Түрк аба жолдору чет элдиктердин тамак жеген адатын өзгөрттү» деген маалыматында түрк аба жолдорунун 2 жыл мурда учактарында чабак менен жасалган палоо жана фасоль тамагы сыяктуу түрк ашканасынан даамдарды тартуулап чет элдик жүргүнчүлөрдүн да көнүмүш болгон даамдарын өзгөрттү. Берилген түрк тамактары тууралуу чет элдик жүргүнчүлөрдөн жакшы ойлордун алынганы белгиленген. Түрк аба жолдору азыр болсо учактарында түрк даамдарынын түрдүүлүгүн көбөйтүп жана жаңы менюларды даярдоодо.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар