Түрк басма сөзү-14.06.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

303742
Түрк басма сөзү-14.06.2015

«Ватан» гезити «Жасалма аң-сезим үчүн Стамбул саммити» аттуу макаласында адамдын мээсиндей деңгээлге жеткен машиналар ой-жүгүртө алышабы?-деген суроого дүйнөлүк илимпоздор жооп издешээрин жазып чыккан.
Гезит дүйнөнүн ар тарабынан келген 500дөй ойчул, философ, математик жана компьютер адистери «Дүйнөлүк ой-жүгүртүү конгрессине (UNILOG)» катышуу үчүн Стамбулга келе жатканын, 30-июндагы конгрессте жасалма аң-сезим алдыңкы планга чыга турганын маалымдаган.
«Сабах» гезитинде жарык көргөн «Чет элдик санатчылардын көз карашы алмашты» деген макалада Түркияга келген чет элдик жылдыз чеберлердин өлкөгө болгон көз караштары да оң багытта экендигин жазган.
Гезит Түркияга келген ыр чеберлери ыраазычылыктарын социалдык медиадан бүткүл дүйнөгө жарыялаганын жана Түркияга келүүдөн бир канча күн мурда, твиттер жана фейсбук барактарында: «Стамбулга бара жатам, сиздерди да күтөбүз»-деп жатышканын белгилеген. Анда концерттен кийин: «Стамбул сизди абдан жактырдым»-деген твиит салып жатышканын жана бул билдирүүлөрүн башка менеджер жана чеберлер да көрүп, Түркияга келген чеберлердин арасында 10 жылда күтүлбөгөндөй өсүү болгонун маалымдаган.
«Йени шафак» гезити «Адамзаттык тарыхы музейде жашалууда» деген маалыматында Шанлыурфада ачылган археология музейи келгендерге адамзаттыктын алгачкы доорлорунан учурубузга дейре басып өткөн жолун түшүндүргөн тарыхый чыгарма, анимация жана иммитациялар менен көрүү мүмкүнчүлүгүн сунуштаганын белгилеген. Анда экспозицияланган чыгармалар хронологиялык тартипте болуп ошол мезгилдердеги анимациялар менен келгендерге ал мезгилди жашап жаткандай сезим ойготкону жана бул долбоор бир топ музейге үлгү болгудай деңгээлде экени орун алган.
«Стар» гезити «Аэропорт ачылды, инвестор келди» деген маалыматында дүйнөдө деңиздин үстүнө салынган үч аэропорттон бири болгон Орду-Гиресун аэропортунун ачылышы менен аймакка жетүү жеңилдегендиктен чет өлкөлүк инвесторлор келе баштаганын баяндаган. Анда Кувейт, Катар жана Сауд Арабиядан 5 инвестор Ордуга туризм боюнча инвестиция салуу үчүн сүйлөшүүлөрүн баштаганы орун алган. Бул аймак таза абасы жана жапжашыл жаратылышы менен суктандырат.
«Хабер түрк» гезити «100 миң киши арзандатууга чуркады» деген макаласында Европанын эң көп кызыктырган шаары болгон Стамбул, быйыл бешинчиси уюштурулган «Шоппинг фестте» унутулгус Стамбул тажрыйбасы менен соодадагы көңүл көтөрүүнү бирге сунуштаганын жазган.
Гезит «Стамбул шоппинг фесттин» алкагында Mall of İstanbulдагы күтүлбөгөн арзандатуу кечесинде рекордго жетишип, түн бир оокумга чейин созулган соодада келгендердин саны 100 миң кишиден ашканын, миңдеген товар кыска мөөнөттө түгөнгөнүн маалымдаган.Стамбул соода күндөрү 28-июнга чейин уланат. Бир тараптан Анкаранын көздөлгөн туристтик райондорунан Бейпазарында да фестиваль кубанычка бөлөп, жыйырма экинчи жолу уюштурулган фестивалга миңдеген киши катышканы маалымдалган.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар