Түрк басма сөзү 13. 06. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

303171
Түрк басма сөзү 13. 06. 2015



«Йени шафак» гезити «Экспорт жогорулады» деген макаласында Түркия статистикалык мекемесинен алынган маалыматка караганда жылдын биринчи 4 айында аба жолу менен жасалган экспорт өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 48, 55 пайызга арткан.
«Сабах» гезити «Тынчтык процесси түрк элчиге аманат» деген макаласында Филиппиндерде өткөн жылы өкмөт менен тынчтык келишимине кол койгон Моро Исламдык Боштондук Фронту келерки жумада курал таштоого даярданып жатканын жазган. Филиппиндер өкмөтү жана Моро Исламдык Боштондук Фронту тарабынан жасалган маалыматта процесстин 16 - июнда башталары белгиленди. Куралдарды таштоо процессин Түркиянын Филиппиндердеги элчиси Хайдар Берктин жетекчилигиндеги көз карандысыз кеңеш иликтейт. Моро Исламдык Боштондук Фронту 40 жылга жакын созулган жана 120 миң кишинин өлүмүнө себеп болгон жикчил кыймылдан кийин 2014 - жылы 27 - мартта Филиппиндер өкмөтү менен тынчтык келишимине кол койгон.
«Йени шафак» гезити «Парижде көргөзмөгө чыгышууда» деген макаласында ТУСАШ – Түрк авиация жана космостук өнөр жайы 2015 - жылы 15 -21 - июнь күндөрү өткөрүлө турган 51 - Эл аралык Париж авиация жарманкесинде Т129 АТАК жана АНКАны көргөзмөгө чыгарарын жазган.
«Хабер түрк» гезити «Күн энергеиясын жер шарында өндүрүшөт» деген макаласында Францияда иштелип жаткан 18 миллиард долларлык термоядролук реактор менен илимпоздордун таза жана чексиз энергия өндүрүүгө аракет кылып жатканын жазган.
«Ватан» гезити «350 миллион долларлык яхтасы менен келет» деген маалыматында Мугланын Бодрум районунда салттык сарай архитектрусы концепти менен долбоорлонгон Jumeirah Bodrum Palace конокторун кабыл ала баштады, алдыбыздагы айда да Дубай эмири шейх Мухаммед Бин Рашид Ел Мактумду тосуп алууга даярданып жатканын жазган. Дубай шейхи Мухаммед Бин Рашид Ел Мактум алдыбыздагы айда 160 метр узундуктагы 350 миллион долларлык «Аззам» аттуу яхта жана жанында кызы принцесса Шека Махра менен бирге Бодрумга келип вилласында коноктойт.
«Стар» гезити «Түркиянын спортсмени» деген макаласында Miss Turkey 2015 сулуулук жарышында 18 жаштагы волейболчу Эжем Чырпан Түркиянын сулуусу болгонун билдирген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар