Түрк басма сөзү 8.06.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

296656
Түрк басма сөзү 8.06.2015


«Сабах» гезити «4 партиялуу парламент» деген макаласында шайлоонун жыйынтыктары Түркия үчүн дагы бир жолу «коалициялык өкмөт альтернативасын» күн тартибине койгонун жазган.
Гезит жеке өзү өкмөт түзө алуу үчүн 276 эл өкүлү көпчүлүгүнө эч бир партия ээ боло албаганын, ушул себептен шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү сыяктуу ар түрдүү сценарийлер күн тартипке коюлганын, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын азчылык өкмөтү менен шайлоону эрте өткөрүү сценарийине караганда Адилеттик жана өнүгүү партиясы 258 эл өкүлү менен азчылык өкмөтүн куруп, шайлоолордун кайра өткөрүлүүсүн алдыга кое алаарын маалымдаган.
Анда кечээ кечинде Адилеттик жана өнүгүү партиясындагы сүйлөшүүлөрдө эң көп баа берилген альтернатива ушул болгону, башка альтернативалар болсо; Адилеттик жана өнүгүү партиясы менен Жумурият элдик партиясынын коалициясы, Адилеттик жана өнүгүү партиясы менен Улуттук кыймыл партиясынын коалициясы, Адилеттик жана өнүгүү партиясы менен Элдердин деморкатиялык партиясынын коалициясы катары орун алды.

«Стар» гезити «Аял эл өкүлдөрүнүн саны көбөйдү» деген маалыматында Республиканын тарыхында аял эл өкүлдөрү рекорддук деңгээлге жеткенин билдирген.
Гезит 550 орундуу парламенттин 92 орундугунда эми айымдар отураарын, 2011-жылы парламентке 79 аял эл өкүлү кирген болсо, аялдардын өкүлчүлүгү 14,3 пайыздан 16,7 пайызга жогорулаганын, 2015-жылдагы шайлоонун эң маанилүү жыйынтыктарынын бири да аялдардын Түркия Улуу Улуттук Парламентиндеги өкүлчүлүгүнүн жогорулаганы экенин маалымдаган.

«Ватан» гезитинде жарык көргөн «Twitterде # Secim2015 хэштеги дүйнөнүн күн тартибин ээледи» аттуу макалада парламенттик шайлоо Түркиянын жалпысында болгону сыяктуу дүйнөнүн да күн тартибинде орун алганын жазган.
Анда Социалдык бөлүшүү сайттарында 7-июндагы шайлоолорго байланыштуу жүз миңдеген маалымат бөлүшүлгөнүн, #Secim2015 хэштеги менен жасалган бөлүшүүлөр дүйнөлүк тренд тизмесинин туу чокусуна жайгашканын баяндаган.

«Йени шафак» гезити «Алгачкы жергиликтүү турбина июлда ачылат» деген макаласында ТҮБИТАКтын жетекчилигинде даярдалган 41 миллион лиралык алгачкы жергиликтүү шамал турбинасы электр энергиясын өндүрүү үчүн күн санап жатканын жазган.
Гезит Улуттук шамал энергиясы системаларынын өнүктүрүлүшү жана прототип турбина өндүрүлүшү (MİLRES) долбоорунун алкагында өндүрүлгөн жана сыноолору аяктаган алгачкы жергиликтүү шамал турбинасынын тирөөчкө жайгаштарылуу баскычына келгенин белгилеген. Анда ТҮБИТАКтын Мармара изилдөө борборунун төрагасы Тунабойлу, турбинанын алгачкы баскычы болгон 500 КВат/саат версиясынын акыркы иштери жасалганын жана Стамбулда белгиленген жерге тургузула турганын айтып: «Долбооордун экинчи баскычында 2,5 МВат версиясы өндүрүлөт»-деп баса белгилегени орун алган.

«Хабер түрк» гезити «Генкөк Түркияда маанилүү иштерге кол коюуда» деген макаласында Кайсеринин Эржиес университетинен Бетүл Зия Эрен, Геном жана Өзөктүк клетка борбору (GENKÖK) ,2012-жылдан бери генетикалык жана өзөктүк клетка жаатында Түркиянын эң чоң изилдөө борбору катары маанилүү эмгектерди аткарганын жазган.
Гезит бул борбор клеткалык дарылоочу нерселерди өндүрүүдө жана банкчылыгын да кылууда экенин, айрыкча борбордо ген картаңызды да чыгартууга боло турганын, сиз берген өрнөктөрдүн көп жылдар бою сактала турганын маалымдаган. Анда изилдөөчүлөр Крым-Конго гемморактык ооруга каршы да вакцина өндүрүүдөн тартып денедеги рактуу клеткалар менен күрөшкөн антикорлордун өндүрүлүшүнө чейин пландалган көп нерсени аткарууга аракеттенгенин белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар