Түрк басма сөзү 22. 05. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

285047
Түрк басма сөзү 22. 05. 2015

«Хабер түрк» гезити «Виза жоюлбаса кайра кабыл алууну четке кагабыз» деген макаласында Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Волкан Бозкыр 1980 - жылдардан бери виза маселеси менен алектенгенин айтып, визанын жоюлушун кайра кабыл алуу келишимине байланыштырышкандарын белгилегенин жазган. Бозкыр : «Биз үчүн визалардын жоюлушу канчалык маанилүү болсо, Кайра кабыл алуу келишими да Европа Биримдиги үчүн маанилүү. Мен визаны жойбосоңуздар Кайра кабыл алуу келишимин жойобуз, тамашасы жок экенин айткым келет»,-деди.
«Стар» гезити «Автомтобилдин баасына велосипед бул жарманкеде» деген маалыматында Европанын эң чоң автомобиль жарманкелеринин бири болгон "İstanbul Autoshow 2015тин" ТҮЙАП Стамбул жарманке жана конгресс борборунда билим, өнөр жай жана технология министри Фикри Ышык да катышкан ачылуу аземи менен башталганын жазган. 27си жаңы болгон 60тан ашуун модель Түркияда биринчи жолу автомобилге кызыккандар менен жолугушту. Жаңы моделдердин экөөсү болсо дүйнөдө биринчи жолу Стамбул Autoshowдо таанытылды.
«Йени шафак» гезити «Дүйнөлүк кичи жана орто ишканаларынын борбору Стамбул болот» деген маалыматында Түркия кабинеттер жана биржалар биримдиги жана эл аралык соода кабинетинин кошкон салымы менен курулган Дүйнөлүк кичи жана орто ишкана форуму фонду борборунун ачылышы эртең Стамбулда өткөрүлөрүн жазган. Түркия кабинеттер жана Биржалар Бирдигинин төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу фонддун курулушу менен кичи жана орто ишканалардын жардамы менен глобалдык экономикалык өсүүнүн колдоого алынышы жана чоң фирмалар менен кичи жана орто ишканалардын арасында башка чынжырлардын куралышы үчүн маанилүү глобалдык кадамдын Түркиянын жол башчылыгында ташталарын айтты.
«Сабах» гезити «Дүйнө артында» деген маалыматында Орусияда өткөрүлгөн акыркы дүйнөлүк чемпиондукта чемпион болгон Сервет Тазегүл башта болуу менен кээ бир улуттук тхэквондочуларга дүйнөнүн бир топ өлкөсүнөн жарандык жана траснфер сунуштары келүүдө. Тхэквондо улуттук командалардын техникалык директору Али Шахин : «Федерация катары бул тууралуу ачык эмеспиз. Бул үчүн сунуштар бизге келбейт, спортсмендерге келет. Спортсмендерибиз да бул сунуштарга карашпайт»,- деди.
«Ватан» гезити «Бекем мээ үчүн 3d фильм» деген маалыматында Англиядагы Goldsmiths университетинин жүргүзгөн иликтөөсүндө 3d фильмдин мээнин бекемдигин өнүктүргөнү белгиленди. 3d фильмден кийин 100дөн ашуун кишинин мээсинин активдүүлүгү иликтенген тесттин натыйжасында психологиялык функциялардын 23 пайызы, мээнин жооп берүү мөөнөтүнүн болсо 11 пайызыга өскөнү байкалды. 3d фильмдеринин чындыкты чагылдырганы үчүн мээни дагы көп иштеткени жана мээ үчүн бир көнүгүү экени белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар