Түрк басма сөзү 11.05.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

269788
Түрк басма сөзү 11.05.2015



«Йени шафак» гезити «Жакшы ниеттүү актар кара материкте» деген макаласында көптөгөн жылдар бою жакырчылык, ачарчылык, жугуштуу оорулар жана жарандык согуш коркунучтарына каршы күрөшүп келе жаткан Африка материгине Түркиянын жардам көрсөтүп жатканын билдирген. Бир жылдын ичинде эле Африка өлкөлөрү менен Түркиянын ортосунда 13 жаңы келишим күчүнө кирди. Келишимдердин бардыгы Африка өлкөлөрүн экономикалык жана социалдык жактан өнүктүрүүгө карата болуусу көңүлдөрдү бурууда. Жардамдардын арасында Чад менен кол коюлган саламаттык сактоо жана медицина тармагында кызматташтык, Сомалиге оорукана куруу, Намибиядан окуучу кабыл алуу, Жибути менен жаштар жана спорт тармагында кызматташтык, токой чарба жана бургулоо техникаларын бекер берүү келишимдери алдыңкы планга чыгууда.

«Ватан» гезити «Технологиялык түрк аскери» деген макаласында дүйнөдөгү эң чоң армиялардын бири болгон түрк армиясы технологияда чек тааныбаганын маалымдаган. Түрк аскерлери ушул жылдан тарта технологиялык бөлүктөрдөн түзүлөт. Аскердик электроникалык өнөр жай АСЕЛСАН тааныткан, келечектин аскери деп аталган «CENKER» долбоору аркылуу түрк аскери кийүүгө боло турган компьютер, акылдуу көз айнек жана саат колдонуп дагы да өнүккөн технологиялык көрүнүшкө ээ болот. Ушунун негизинде аскерлердин саламаттык абалын жана ок дарыларын текшерүү эң ылдам түрдө жүргүзүлөт.

«Сабах» гезити «Экспортто рекордго жетиштик» деген маалыматында экономика министри Нихат Зейбекчи Түркиянын экономикада эң жогорку деңгээлге жеткенин белгилегенин жазган. Эми дүйнөлүк экономикада сөз ээси болгусу келген, башка өлкөлөргө илхам болуп, багыт берген Түркиядан сөз кылынып жатканын баса белгилеген Зейбекчи, өсүүнүн локомотивине айланган тышкы соода тармагында да чоң ийгиликтерге жетишкенин билдирди. Зейбекчи: «2014-жылы тышкы соода тармагында рекордго жетиштик. 4 пайыздык өсүү менен экспортубузду 157,6 миллиард долларга жеткирип, эң жогорку деңгээлге чыктык»,-деди.

«Стар» гезити «Жүз миң чет элдик студенттен 5 миллиард доллар киреше түшөт» деген макаласында дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүндө эмгектенген өз тармагында адис түрк илимпоздору өлкөгө кайра кайтып келишсе, Түркия билим берүүгө карай максатын жогорулатканын билдирген. Өнүгүү министрлигинин чет элдик студенттерге байланыштуу иш-чарасына караганда, Түркияда билим алып жаткан студенттердин саны 2018-жылга чейин 100 миңге жеткирилүүсү максатталууда. Студенттердин санын көбөйтүү менен бирге Түркиянын таанытылышына салым кошуп, өлкөнүн экономикасына миллиарддаган доллардык пайда алып келет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар