Түрк басма сөзү 9. 05. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

268187
Түрк басма сөзү 9. 05. 2015

«Стар» гезити «Президент Эрдоган : Өлкөм үчүн президенттик» деген макаласында президент Р. Т. Эрдогандын кыйын бир процессте элдин добушу менен шайланган биринчи президент катары бир четте күтүп отуруусунун мүмкүн эмес экенин айтканын жазган. Президенттик системаны калк үчүн каалаганын баса белгилеген Эрдоган : «Натыйжада бул системага өтүлгөндө ким көз жумат, ким калат. Ким президент болот аны Кудай билет»,- деди.
«Йени шафак» гезити «Өсүү ылдамдады» деген маалыматында өсүүнүн алдыңкы көрсөткүчү болгон өнөр жай өндүрүшү март айында 4, 7 пайыз менен күтүлгөндөн дагы көп болгонун, ушунун саясында акыркы 4 жылдын эң жогорку санына жеткенин, негизги өнөр жайда эң көп өндүрүштүн 3, 6 пайыз ишке ашканын жазган.
«Сабах» гезити «Airbus 3 - аэропортуна база курууда» деген маалыматында Стамбулга курула турган үчүнчү аэропорт бүтө электе инвестиция тарта баштаганын жазган. Airbus кароо, оңдоо жана логистик базаны курууну каалап жатат. Фирма Лимактан 20 гектардык участок талап кылууда.
«Ватан» гезити «Лион жана Найсты жакындан иликтөөдөбүз» деген маалыматында Лион аэропорту менен Косова Приштинада өнөктөш болгон Лимак Франциядагы аэропортторду менчиктештирүүнү радарына алганын билдирген. Лимак инвестициянын төрагасы Эбру Өздемир Францияда Тулуза менен башталган аэропорттордун менчиктештирүү процесси менен кетишкендерин белгилеп Лион жана Найс аэропорттору менен алектенише аларын айтты.
«Хабер түрк» гезити «Чоң маркалар Shopping Festте спонсор болду» деген маалыматында был жылы 5 – жолу өткөрүлө турган Shopping Festтин 6 – 28 - июнь күндөрүнүн арасында өткөрүлөрүн, иш чаранын аткаруу кеңешинин төрагалыгын аткарган Стамбул соода кабинетинин төрагасы Ибрахим Чаглар жана платформанын төрагасы болгон Стамбул мэри Кадир Топбаш өткөргөн пресс – жыйында 2014 - жылы 10миллиард 200 миллион лира киреше киргизген Shopping Festке бул жылы Coca Cola жана Mercedes Bens сыяктуу эл аралык маркалардын спонсор болгонун билдиришти.
«Сабах» гезити «Брегович Анкарадан кийин Стамбулда» деген макаласында Түркияга үч концерттик гастрол үчүн келген Балкан музыкасынын белгилүү ысмы Горан Брегович Анкарадан кийинки экинчи аялдамасы болгон Стамбулда "Kalajnikov," "Gas Gas" жана "So Nevo Si" аттуу ырлары менен уккандардын купулуна толгонун жазган.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар