Түрк басма сөзү 4.05.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

260880
Түрк басма сөзү 4.05.2015


«Миллийет» гезити «Бажы Биримдиги жаңыланууда» деген маалыматында Европа Биримдиги менен 1995-жылы кол коюлган Бажы Биримдиги келишиминин жаңылануусу үчүн иш-чараларды жүргүзгөн Түркия маанилүү кадам таштоого даярданып жатканын жазган. 11-майда тараптар Брюсселде чогулушуп бул келишимди жаңылашат. Буга ылайык Түркия да токтом чыгаруу механизмдеринде жана Европа Биримдигинин үчүнчү өлкөлөр менен кол кое турган соода келишимдеринде орун алмакчы.

«Стар» гезити «Түрк аба жолдору Япон Баскетбол лигасынын да демөөрчүсү» деген макаласында Түрк аба жолдорунун дүйнөдө Түркияны таанытуу элчиси болуусун улантып жатканын билдирген. Ыраакы Чыгыштан Европага чейин көптөгөн мекеме жана уюмга демөөрчүлүк кылган Түрк аба жолдорунун дагы эле уланып жаткан 36 келишими бар. Тамак-аш, саякат жана көңүл ачуучу портал The Daily Mealдин изилдөөсүндө «Эк мыкты тейлөө Түрк аба жолдорунда» деген жыйынтык чыкты.

«Ватан» гезити «750 миң кишилик технологиялык стадиондор» деген макаласында Анадолудан Стамбулга чейин 750 миң кишилик стадиондор салына турганын маалымдаган. Спорт жана жаштар министрлиги ушул боюнча иш-чараларды баштатты. Акыркы технология менен жабдыла турган 26 стадион үчүн 3 миллиард лиралык каражат бөлүндү.

«Йени шафак» гезити «Туризмде эң жогорку деңгээлге жеттик» деген маалыматында Дүйнөлүк банктын көрсөткүчтөрүнө караганда 2002-жылы Түркияга келген туристтердин саны жылдык 12,8 миллион болсо 2013-жылдан тарта бул сан 37,8 миллионго жеткенин билдирген. 2002-жылы Түркия туристтердин саны боюнча дүйнөдө 15-орунду ээлесе 2013-жылы 6-орунга жогорулады. 2014-жылы болсо туристтердин саны 41,4 миллион болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар