Түрк басма сөзү-29.04.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

255513
Түрк басма сөзү-29.04.2015

«Сабах» гезити «Дүйнө жүзүнөн мурда AFAD жетип барды» аттуу макаласында Непалда урандылардын астында калгандарды куткаруу иштери үчүн дүйнөнүн бир топ өлкөсүнөн куткаруучу топтор жардамга чуркашканын жазган.
Гезит борбор шаар Катмандуда ар башка аймактарда издөөлөрүн жүргүзүп жаткан топтордун ичинде болсо түрк топтору ыкчам кыймыл кылганын, Премьер-министрликке караштуу курч кырдаалды башкаруу башкармалыгы AFADдын тобу алдыңкы катарда болгонун маалымдаган. Анда ал өлкөнүн басма сөзү түрк тобунун издеп куткаруудагы ийгилигинен мактоо менен сөз кылганы орун алган. Англис тилинде чыккан көп тираждуу гезит «Катманду пост» түрк топторунун ийгилин тема кылып «Непаль мамлекети кечикти, AFAD жетип келди» деген сереп салган.
«Йени шафак» гезити «Чанаккалеге 100-жыл эстелиги» аттуу маалыматында Дүйнө түрк форуму Чанаккале шейиттеринин жаркын элесине 100-жыл эстелиги салынышы үчүн шымаланып киришкенин баяндаган.
Гезит Стамбулда болгон 3 күндүк жыйналыштарда Чанаккаледе согушкан жана шейит болгон бардык түрк коомчулуктарынын атынан бир «Түрк дүйнөсүнүн эстелиги» тургузулушуна чечим чыгарылганын жазган. Эстеликте Азербайжан жазуучусу Ахмет Жеваттын «Чырпынырды Карадеңиз» ырынан бир бөлүмдүн орун алышы жактырылды. Айрыкча Чанаккале согушунун түрк мамлекеттери үчүн мааниси баса белгиленген китептер басылып чыгат.
«Ватан» гезити «АКШлык NGPI 400 миллион доллардык геотермалдык инвестициясын салат» деген маалыматында АКШнын энергетика фирмасы New Generation Power International (NGPI) 400 миллион доллардык инвестиция менен Түркияда 100 мегаваттык кубаттуулугундагы геотермалдык энергия станциясын куруу үчүн Йылсан Холдинг, Минекс интернейшнл жана ДСМ энергия фирмалары менен өнөктөштүк түзгөнүн маалымдаган.
«Хүррийет» гезити «Павильон биздин ишибиз» аттуу макаласында Милан ЭКСПО-2015тин аянты жагынан эң чоң 5-катышуучусу болгон Түркия, кийин кошулуу чечимин чыгарган уюштурууда «курулуш рекордуна» жетишкенин жазган. Гезит 1-майда ачылышы жасала турган жана 6 айга созула турган дүйнөнүн эң ири глобалдык таанытуу жарманкеси болгон ЭКСПОдо мурда 3000 чарчы метр деп пландалган павильон аянты кийин 4170 чарчы метрге кеңейтилгенин белгилеген.
Анда Түркиянын «Келечектин азык түлүгү үчүн тарыхтын иликтениши» деген астыңкы теманы тандаган уюштурууда, символ катары берекени, байлыкты өкүлдүк кылган анар алдыңкы планга чыгарылып, жарманке аянтында 40 анар багы, 2 чынар терек тигилгени маалымдалды.
«Стар» гезити «BİSTте алтын сатуусу дүйнөгө ачылды» аттуу маалыматында баалуу кендердин брокердик мекемеси Трой баалуу кени тарабынан аткарылган Gold Takas менен Биржа Стамбул баалуу кендер жана баалуу таштар базары менен Капалычаршы дүйнөлүк инвесторлорго ачылганын маалымдаган.
Гезит Стамбулга интеграция болгон системада эсеп ачкан жергиликтүү жана чет элдик инвесторлор түздөн-түз Биржа Стамбулда алтын, күмүш, платина жана палладий товарларынын алынып-сатылышын аткара алышаарын белгилеген.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар